Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Анжелика: “Мага, кыздарыма Сабырбек Жумабеков өзү операция жасап салды”
Анжелика: “Мага, кыздарыма Сабырбек Жумабеков өзү операция жасап салды”
06-февраль, 13:57


Ырчы Анжелика кызы Айымага операция ийгиликтүү жасалганын айтып, дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.
“Айыма операциядан ойгонду, калганын убакыт көрсөтөт. Биринчиден Кудайыма ыраазымын.
Экинчиден миңдеген адамдарды бутунан тургузган, “алтын колдуу” дарыгер Сабырбек Жумабековго жана анын командасына ыраазымын.
Мага, Айлинге, Айыма -- үчөөбүзгө тең Сабырбек Жумабеков өзү операция жасап, жашоого чоң үмүт берди.
Сиздердин батаңыздар менен буюрса төртөөбүз тең бутубуздан туруп, басып кетебиз деп ишенем”, - деп жазды.











