Асел Кадырбекова: “Мен кырсыкка учураганда боюмда жок болчу”


Ырчы Асель Кадырбекова Инстаграмдан күйөрмандары берген суроолорго жооп берип жатып, операция башына эмес, акырегине жасалганын айтты. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жазды.
Ырчы кыз жакын арада эле Түркиядан толук текшерүүдөн өтүп келгенин айтып, ар бир 6 ай сайын 3 жыл аралыгында көрүнүп туруу керек экендигин билдирди.
“Кудайга шүгүр, азыр жакшы болуп келе жатам. Анализдерим баары жакшы чыкты. Учурда дары эле ичип жатам.
Ал эми, менин кайсы жериме операция кылынганы тууралуу көп сурашат. Операция акырегиме жасалган. Чачым болсо кырсыктаганда жулунуп кетиптир, ошондуктан алганга туура келиптир. Эң негизгиси өзүм аман калдым. Башыман операция болгон жокмун”, - деп жооп берди ырчы.
Ошону менен катары эле, ырчынын сулуулук салону тууралуу да суроолор берилди.
“Сулуулук салонум жабылган. Аман болсом кийин ачып алам”, - деди Кадырбекова.
Ага утурлай эле ырчыга “экинчи наристелүү болуу оюңузда барбы?” деп да сурашты.
“Кудайым буюрса, албетте, тилек кылып жатам. Азырынча кызым Дария кичинекей, ошондуктан бир аз чоңойсун. Мен өзүм да бир аз калыбыма келип, ден соолугумду чыңдап алайын.
Ал эми, мени кырсыкка учураганда боюнда бар экен деген сөздөр жалган”, - деп кошумчалады ал.











