Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таңнуру Молоева, теле алпаруучу: “Ата-эне мээримин билбей чоңойдум...”

Таңнуру Молоева, теле алпаруучу: “Ата-эне мээримин билбей чоңойдум...”

01-февраль, 13:07
3 278 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Таңнуру, алгач өзүң тууралуу токтолсоң?

-- Азыр 24 жаштамын. Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында төрөлүп өскөм. Сегиз бир тууганмын: 5 агам, 2 эжем бар.  Үйдүн эң кенжесимин. Мектепти аяктап, Кыргызстан эл аралык университетинин филология факультеттине тапшырып, 2018-жылы аяктагам. Учурда №50 орто мектепте чет тилден сабак берем жана кичинекей кезимдеги кыялым алпаруучу болуу болгондуктан, 5-каналда «Таңкы беш» программасын алып барам.

-- Эмне кубандырат, эмнелер жүрөгүң оорутат?

-- Жашоодо мени кубандыргандан да кейиткен нерсе көп. Кубандырганы: алты саным аман, ден соолугум чың, бир туугандарымдын, эл-журттун бар экендиги. Ал эми кейиткени: ата-эненин мээриминин жетишсиздиги. Тырмактай кезимде калып, эне-ата эмне экенин билбей калдым.

-- Теледе иштөө балалык кыялыңбы?

-- Телевидение жагын тандап калуумдун бирден-бир себеби, кичине чагымда үйдө эски бузук телевизор бар болчу. Көп балалуу үй-бүлө болгондуктан, көп нерсе тартыш болчу. Ошол телевизор өчүп калганда катуу муштасак иштеп калчу. Ошондон “Арноо концертин” көрүп, “ушул жактан чыксам” деп аябай кыялданчумун. Анан борборго келип, “журналистика тармагына таршырам” десем, агаларым “кыз баласың, айылга турмушка чыксаң каякка иштемек элең?” деп мугалимдикке тапшыртып койгон. Бирок көкүрөктөгү көксөө тынчтык бербей, окуудан сырткары кошумча курстарга барып, Гүлшан Молдоева, Мирзат Мукановдон сабак алып, андан кийин Кундуз Казыбек кызынан көп нерсе үйрөнүп жүрүп, ушул күнгө жеттим. Бирок бул чөйрө оор экен. Бут тосмой, кемсинтүү ж.б. нерселер толтура. Бирок, эл менен түзмө-түз иштешүү аны тез эле унуттуруп коёт.

-- Дагы кандай өнөрлөрүң, тилектериң бар?

-- Бул жашоодогу максатым – беш күндүк өмүрдү маанилүү өткөрүү. Тырмактын учундай болсо да кыргыз элинин өсүшүнө салым кошуу жана да мүмкүнчүлүгү чектелген, жардамга муктаждарга жардам берүү, аз болсо из калтыруу (!) деген жакшы максаттарым бар. Кичине чагымдан бери ыр жазганга кызыгам. Анча-мынча ыр жазып чогултуп жүрөм, ошону китеп кылып чыгарууга ойлор дагы бар. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер