Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Самара столду кучактап отурат». Музыкалык окуу жайдын жамааты митингге чыкты

«Самара столду кучактап отурат». Музыкалык окуу жайдын жамааты митингге чыкты

21-январь, 16:18
1 722 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын 50гө жакын кызматкери 21-январда митингге чыкты. Алар ырчы Самара Каримованын ЖМКларга «кызматкерлер менен иштешип жатам» деп берген маалыматы жалган экенин билдиришти. Ошондой эле алар анын директор болушуна бардык кызматкерлер каршы деп белгилешти.

«Самара уялбай туруп “мугалимдер менен иштеп жатам, бөлүм башчылар мага киришти, иш жүрүп жатат” деп жалган маалымат таратып жатканы үчүн кайрадан нааразычылык акцияга чыгууга туура келди. Ишенбесеңер мына сурап көргүлө, бөлүм башчыларга эмес, жөнөкөй мугалимдерге анын сөзү өтпөйт.

Самара өзү келип эле, столду кучактап эле отурат кабинетте», — деди акцияга чыккандардын бири.

Ал эми бөлүм башчылардын бири «Клоопко» Каримованы «жалган маалымат таратканы» үчүн сотко берсе да болорун кошумчалады.

«Мен аны көргөн жокмун. Келет дагы бөлмөсүнө кирип отуруп жатат. Ошондой да иш болобу? Бул жерде иш жүрүшү керек. Окуу процесси жүрүшү керек. Биз окуучуларга билим беришибиз керек. Жалган маалымат таратканы үчүн биз аны да сотко беришибиз керек. Бул жерге эки-үч күндөн бери окуу процесси үзүлүп жатат. 100 пайыз жамаат анын келишине каршы. Бул жерге билимдүү, кесипкөй жетекчи керек.Самара бизге керек эмес», — деп белгиледи ал.

Ал эми окуу жайдын директорунун окуу жана тарбия боюнча орун басары Райкан Самидинова митингге сабактары жок мугалимдер чыкканын белгилеп, башкалары окуучуларды окутуп жатканын айтты.

«Түнкүсүн келип, эшиктин кулпун бузуп иш бөлмөгө киргенден бери келип отурат. Мугалимдердин бардыгы аны келбесин деп жатат. Эмне үчүн жогору жактагылар биздин маселебизди укпай жатат деп чогулуп отурабыз. Министрлик соттук процесс аяктаганга чейин буйрукту жокко чыгарып турса болмок», — деп суранды маданият министрлигинен Самидинова.

Кызматкерлер эгерде Самара Каримова директор болуп келе турган болсо баары иш таштоого аргасыз болушарын айтышты. Ошондой эле Каримованын жазган арызына байланыштуу Ош милициясы тарабынан аларга жана мурдагы директор Нурлан Каримовго «басым» жасалып жатканын билдиришти.

Ырчы Самара Каримова «Клоопко» үч күндөн бери иштеп жатканын айтты. Ошондой эле ал «акырындап баары өз жолуна түшүп кетет» деп ишенет. Каримова окуу жайдын жаңы имаратын курууда «каржылык бузуулар» бар деп кошумчалады.

«Бул жер өзү жатакана, бул жерде окутпаш керек. Бирок 2018-жылы окуу-жай толугу менен күйүп кетип, окуганга жараксыз болуп калганына байланыштуу ошол мезгилдеги бийлик өкүлдөрү жаңы имарат куруп бергенге жалпы сметасы, менимче, 106 миллион сомго жаңы проект түзүлсө керек эле. Бирок ал акча которулуп, кайра ала алышпай же кайра финансы министрлиги алып койгонбу ушундай да. Андай кийин дагы, коллективдин мага берген маалыматына караганда, 4-5 миллион бөлүнгөн тендерге. Бирок бул жерде тыныке менен эле жаап койгон, эч кандай 4-5 миллиондук жумушту мен көргөн жокмун. Бул жерде абдан чоң финансылык бузуулар бар», — деди Каримова.

Ырчы окуу жайды эсеп палатасы жана башка органдар текшериши керек деп эсептейт.

Окуу жайдын мурдагы директору Нурлан Каримов «Клоопко» жаңы имаратты куруу боюнча тендерди Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы өткөргөнүн билдирди. Ал эми окуу жайдын курулушка тиешеси жок деп айтты.

Башкармалыктын жетекчиси Талант Эшбаев эски имаратты бузуп, котлован казууга 4 млн 900 миң сом бөлүнгөнүн тастыктады. Ошондой эле ишти аткарууда каржылык бузуулар болгон эмес деп билдирди.

«Курулушка окуу жайдын эч кандай тиешеси жок. Пандемияга байланыштуу имаратты курууга акча бөлүнбөй калган. Каражат бөлүнсө эле курулуш иштери жүрөт», — деди Эшбаев.

Каримованын директорлук кызматка кайтуу аракети

Бишкектин Биринчи май райондук соту ырчы Самара Каримованын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каршы доосун 2020-жылдын 17-декабрында канааттандырган. Каримова министрликтин 2018-жылдын 1-ноябрында аны Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайдын директор кызматынан бошотуу тууралуу буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Сот отурумунда маданият министрлигинин өкүлү Каримова «иштен мыйзамсыз алынганын жана аны кызматка кайтаруу керектигин» толугу менен моюндаган.

Ал эми маданият министри Нуржигит Кадырбеков ырчы Каримованы окуу жайдын директор кызматына 15-январдан тарта кайтаруу тууралуу буйрукка 14-январда кол койгон.

Анткен менен окуу жайдын жамааты Каримованы директор катары таануудан баш тартып жатат. Мындан сырткары, алар Каримова бул кызматты аркалоо үчүн билими жетишсиз деп эсептешет.

Жогорку соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова 16-январда ырчынын кызматка кайтуу аракети мыйзамсыз экенин жазып чыккан. Сооронкулова Эмгек кодекси боюнча ырчы кызматынан алынгандан кийин эки айдын ичинде сотко даттанышы керек болчу деп жазып чыккан — Каримова Биринчи май райондук сотуна эки жылдан кийин кайрылган.

Маданият министрлиги Биринчи май райондук соттун чечимин 15-январда Бишкек шаардык сотуна даттанууга аргасыз болду. Ал эми райондук соттон ырчыны ишке кайтаруу тууралуу өкүм күчүнө кире элек дешти.

Самара Каримова 18-январдын кечинде окуу жайдын имаратына белгисиз кишилердин коштоосунда келип, директордун бөлмөсүнүн кулпусун алмаштырып кеткен. Ал үчүн мурдагы кулпуну буздурган. Буга музыкалык окуу жайдын кызматкерлери ачкычты берүүдөн баш тартканы себеп болгон. Бирок Каримованын айтымында, ачкыч жоголуп кеткен.

Мындан сырткары Самара Каримова окуу жайдын кызматкерлерин «соттун чечимин аткарбай жатышат» деп айыптап алардын үстүнөн милицияга кайрылган.

Ал эми 19-январда ырчы окуу жайга барып мурдагы директор Нурлан Каримовдон тиешелүү документтерди өзүнө өткөрүп алган. Бирок юристтердин айтымында, райондук соттун өкүмү күчүнө кире элек болгондуктан Каримованын кызматка киришүүгө укугу жок.   


kloop.asia

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер