Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлжигит Сатыбеков: “Кыбырап көр казгысы келген куу, карөзгөй кишиден кач”

Гүлжигит Сатыбеков: “Кыбырап көр казгысы келген куу, карөзгөй кишиден кач”

07-январь, 18:45
2 213 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы, обончу Гүлжигит Сатыбеков жандүйнөсүндө катылып жаткан ойлорун социалдык баракчасына пост кылып бөлүштү.

“Калемимди колго кармап, кагазымды камдап, кунт коюп кечке кадалып, келечекке кат куржун кетирүүнү куп көрдүм. Кызарып күн кирип, каш карайганча, козголбой көпкө каттым. Көргөндөр күлсө керек. Кыялданып, келээр күндү күдөрүм көксөп, көшөрүп күтүп көгөрөм. Кези келет, кабатырланба. Күбүрөнөм. Келечегим кызыктуу, көңүлдүү, кадырлуу күндөрдөн куралат. Кыязы купуялыктын кедергиси көңүлүмдү калтырып, капачылык күндөн күнгө көбөйүп, келечекке кайдыгер, кош көңүл карап, кыжаалатчылыктан кыйналып кеткенсиймин. Кичинемде курсакты кампайтып, кошуна курбуларыма кошулуп, каткыра күлүп, кыялына келгенди кылган капарсыз кезим кайдадыр кетти. Кайрылбайт, көргүм келет, каяктан? Кыйындыгыңды көрсөтчү, колуңдан келсе кайтарып кел, күчүңдү көрөйүн, келе колуңду! Кара күчкө көөдөнүмдү кекетем. Кемпирдин кыттай куйган керээз кептери кулагымдан кетпей койду... Кандай күн келгени кайратыңдан кайтпа. Кыпындай кепти көл кылгандар канча? Кыбырап көр казгысы келген куу, кыйтыр, карөзгөй кишиден кач. Коркунучтуусу калпычы, калптын казаны кайнабайт. Келгенине кубанба, кеткенине кайгырба. Кутулганыңа кубан, колуңдан келсе кайрылба. Кет, келбе, кезикпе! Кел-келиң келгенде курбу көп, көкөлөткөн кептер көзүңдү көр кылып көптүрөт. Кет-кетиң келгенде көрүпсүң кимдигиңди. Кашан кунандай камчыланып, кийин калып кыйкырсаң кайрылганын көрөсүң, кылчайбай кеткендеричи? Кээде кадырыңа кейийсин. Күрмөөгө келбеген кебиңди, кунары качкан кызыктай кейпиңди көргөндөрдүн кычуусу, көксөөсү канбайбы.

Кайкыган көктөгү куштай көктө канат кагып күүлөнгүм келет. Келечегим күчтүү, кубаттуу, кайраттуу, көктүгүнөн кайтпаган, карама-каршылыктан коркпогон, "кыйын кишиге" кезигесиң. Көрөсүң! Кубаттайсың, коштойсуң, кубанасың. Курдаштай Кудай кошкон күндөрдө кылымдарды кезебиз. Канчалаган кайрылбас керемет күндөрдө кайкыйбыз. Кыдырга күндө кезиксем, кол кысышып кубанган келбетин көрсөм. Кыялдарым көз карашка курчалса, кыйырсыз күчкө куюлушуп, коомдогу кыйын кезеңди кубалап, карапайым калкымды, Кыргызстанымды күчтүү, кубаттуу, көркөмдүү кылгым келет. Кезегинде кылымдан кылымдарды карытып келген качанкы кыргыз? Касиетиңден кагылайын, кырылгыз, кемигис кыргызым!”,-деп жазды ырчы.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер