Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Асел Кадырбекова: “Эс-тутумум жоголду. Үлпөт той дагы эсимде жок”
Асел Кадырбекова: “Эс-тутумум жоголду. Үлпөт той дагы эсимде жок”
22-сентябрь, 17:56
919 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Июнь айында жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова бир канча күндөн бери социалдык тармактагы баракчасында активдүүлүгүн көрсөтүп, ар кандай темадагы билдирүүлөрдү калтырууда. Ырчынын Инстаграм баракчасындагы соңку билдирүүсүндө башынан өткөн айрым окуяларды, жагдайларды эстей албай жатканы, эс-тутумунун калыбына келиши үчүн мурдагы сүрөттөрдү кайрадан жүктөгөнү айтылган.
"Үй-бүлө мүчөлөрүмдүн сүрөттөрүн жүктөп жатканымды түшүндүрө кетейин. Эс-тутумум жоголуп кетти. Жакынкы убакыттан бери калыбына келе баштады. Бирок айрым учурлар, анын ичинде үлпөт той дагы эсимде жок. Эстей албай жатам. Дарыгерлер “убакыт керек” дешти. Инстаграм, өзгөчө сүрөттөр эс-тутумду сергитет. Жакындарымдын сүрөттөрүн байма-бай жүктөп турууну чечтим" деп айтылат билдирүүдө.