Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзуура Иманалиева: “Жолдошум Мирзат “иштеп алаксы” деген сунуш айтты”

Айзуура Иманалиева: “Жолдошум Мирзат “иштеп алаксы” деген сунуш айтты”

02-сентябрь, 20:01
5 208 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен ырчы Гүлбү Ороскул кызынын тун кызы Айзуура Иманалиева телеалпаруучулук кесибин улантып баштады. Декреттик өргүүдөн кийин ишке чыккан Айзуура айым үч жыл үйдө отурганын айтып буларга токтолду.

"Үч жыл аралыгында балдар менен үйдө отурдум. Дал ошол аралыкта апамды да, атамды да жоготтук. Анан стресске, депрессияга кабылдым, ден соолугум да жабыркай баштаганын сезип калдым. Жолдошум Мирзат иштеп, алаксып көр деген сунушун айтты. Ал ортодо НТС телеканалынан таңкы берүүнү алып барууга чакыруу келди. Мурда ошол эфирди алып барчумун. Жумуш убактысы ыңгайлуу болгондуктан, ишке чыктым. Балдарды түшкө чейин атасы карап жатат. Эфирден чыгып, шашып үйгө келем, мен келерим менен атабыз жумушка кетет. Балдарымдын атасына рахмат, ушундай колдоо көрсөтүп жатканына!

Эртеден бери "оор кырдаалдан суурулуп чыгып, эфир алып барып жатыпсың, азаматсың!" деген өңдүү куттуктоолор келип жатат. Алдыда "атасынын жылдыгы өтпөй жатып, эфирге чыгып алыптыр" деген сөздөр болушу мүмкүн. Бирок мени чындап түшүнгөн, колдогон адамдар бул кадамымды туура кабыл алышат деп ойлойм. Өзүмдү алаксытуу максатында ишке чыктым" деди ал.

Айзуура Иманалиева менен диктор Мирзат Муканов 2016-жылы баш кошушкан. Түгөйлөр бир уул, бир кызды тарбиялап келишет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер