Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурзат Токтосунова “Биримдик” партиясынын катарында шайлоого аттанды

Нурзат Токтосунова “Биримдик” партиясынын катарында шайлоого аттанды

31-август, 13:41
1 155 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

БШК талапкерлерди каттоо боюнча документтерди кабыл алууну токтотту. 3-сентябрга чейин партиялар айрым бир өзгөрүүлөрдү киргизе алышат.

Ал арада талапкерлердин тизмеси белгилүү боло баштады. Алсак, “Биримдик” партиясынын талапкерлер тизмеси ачыкталды. Белгилүү болгондой, алдыңкы ондуктан Акылбек Жамангуловду (“Мегаком” компаниясынын жетекчиси), социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду, ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Талас Бегалиевди, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Евгения Строкова жана Аида Касмалиеванын ысымдарын жолуктурууга болот.

Экс-спикер Асылбек Жээнбеков “Биримдиктин” тизмесинде 27-катарда. Ошондой эле депутаттар Марат Аманкулов, Азамат Арапбаев, Улан Примов, Айбек Алтынбеков, Бакирдин Субанбеков жана башкалардын ысымдарын кезиктирүүгө болот.

Буга катар телеалпаруучу Нурзат Токтосунова “Биримдик” партиясынын катарында шайлоого аттанганы белгилүү болду. Ал тизмеде 76-катарда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер