Назира Айтбекова: “Коронавирус учурунда жоготкон балдарыңарды унутуп, сатылгыла!”
Алпаруучу Назира Айтбекова шайлоого аттанып жаткандардан үмүт жок экенин айтат.
“Мени өкүндүргөн нерсе бул – “мурдубузга дагы эле суу жете элек” окшойт. Баягы эле таз кейпибизде болот өңдөнөбүз. Анткени, жандүйнөдө эч кандай төңкөрүш байкалган жок. Мурункулардын эле доору, сайраны, акчалуулардын эле заманы болчудай. Биз ишенген, үмүттөнгөн жаштардын баары мурункуларга кошулуп кетти. Эми алар деле эскилердин сөзүн сүйлөйт го деп ойлоп жатам.
Жаңылар, жаштар болсо биригүүдө көйгөй туулуп жатат. Ар кимдин “менин башым чоң” дегендей эле амбициясы чоң. Ар ким өзүнчө кыйын. Бир идеяны, идеологияны колдоп, “Кыргызстандын өнүгүшү үчүн биригели” деген жаштарды көрө алган жокмун.
Биздин жандүйнөбүз даяр эмес окшойт. Айыл жергесинде паспорт чогултуп жүрүшөт. “Мен аты аталгандарга эле шайлайм. Алар мени февралдан бери багып келе жатышат. Мынча миң сом берди” дешип, кайсы партияга шайланаары, шайлаары белгилүү болуп калыптыр.
Биз бүгүн кандай бийлик күтсөк да, биз ошого татыктуубуз. Демек, жандүйнөбүз ошону каалап жатат. Үмүт жок негедир… Сатылгыла! Кечээ коронавирус учурундагы жоготкон балдарыңарды унутуп, сатылгыла! Апрелдеги окко учкан балдарыңардын сөөгүн тебелеп, сатылгыла! Дагы беш жыл эзилгиле! Татыктуубуз!”.