Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “Жандүйнөмө татыктуу адам чыкса, мен ага даярмын...”

Назира Айтбекова: “Жандүйнөмө татыктуу адам чыкса, мен ага даярмын...”

09-август, 12:21
2 786 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алпаруучу, актриса, блогер Назира Айтбекова социалдык тармакта элдин бүйүрүн кызыткан, талкуу жараткан сүрөттөрдү, постторду байма-бай жарыялап турат. Бул айым менен баарлашууда өзүңө дем-күч, шык аласың. “Эл эмне дейт?” деген эрежени уруп ойнобогон маектешибиздин сыры төмөндө. 

-- Назира айым, ушу тапта эмне менен алек болуп атасыз?

-- Ушу тапта YouTube каналымды ачкандан тарта кызыктуу маектерди алуудамын. Байкасаңыздар, ал жакта жаштар жок. Улуу муундарга басым жасап атам. Себеби, алардын айткан асыл сөздөрүн, акыл казынасын жаштар угуп, көңүлүнө түйүп калса жакшы болот да. Касиет ыроологон, жашоону көргөн адамдар менен сүйлөшкөндөн ырахат алам. Андыктан, кылган ишим көңүлүмө төп келип атат. “Кошунаны тандабайт” деген сериалга тартылууну улантып атабыз. Мындан тышкары, социалдык тармактагы “жөн эле ойлор” деген хэштэг менен чыгып аткан постторду чогултуп, элдин суранычы менен китеп кылып чыгарайын деп атам. Басмаканада турат, буюрса китебим жарык көрсө, Москвадагы мекендештерге чейин жеткирем. 

-- Социалдык тармакта ар кандай сүрөттөрүңүздү чыгарып, талкуу чордонунда турасыз. Буга да эрк керек го?..

-- Албетте, эрк керек. Элден корккон, элдин баасынан айбыккан адам андай нерсеге бара албайт. Өзүңө болгон баа маанилүү. Жандүйнөң кандай болсо ошондой кабыл ала алсаң, табиятыңды ошол бойдон сүйсөң, анда элдин сөзү маанилүү эмес. Өзүн өзү өмүр бою кабыл албаган, баасын билбеген адам башканын көзүн карап жүрүп өтөт. Деңгээлине жараша ар кандай сын айткандар болот. Сөздүн түпкүрүнө маани бербей эле, сүрөттүн өзүн көрүп алып эле сындагандар болот. Мен андай сүрөттөрдү эркектин бүйүрүн кызытыш үчүн бейжай эле чыгара бербейм. Эмнегедир жүрөгүм, көкүрөгүм эркиндикти талап кылат. Эл эрежеге сыйып алып, эркиндиктен баш тарткандай, өздөрү эреже чыгарып алышып, ошого көмүлүп алып, жакшы жашоодон, жыргалчылыктан оолак калгандай, көөдөнүм “элди эрежеден чыгар, жакшы жашоого үндө” деп аткандай. Элди жандүйнөнү “жылаңачтоого” чакырдым, аны сырткы дүйнө менен көрсөткүм келди. Бирок аттиң... айтайын, жеткирейин (!) деген ой көйнөктө эле калып, көкүрөккө жетпей атпайбы! Ушунча жылдан бери сырткы көрүнүшкө, статуска, абалыбызга карата мамиле кылып, ички дүйнөгө, жандүйнөгө кире албай атабыз. Ал сүрөттөр менен “менин көйнөгүмө көңүл бурбай, көөдөнүмдү көргүлө” дегим келет.

-- Эркин болуу үчүн алгач коркуу сезиминен арылыш керек да? Бул жагын канттиңиз?

-- Аябай коркок болчумун. Өзгөчө жакындарыңдын көңүлүнө, сезимине байланып жашадым. Курчап турган адамдарыңдын каалоосунан чыга албаган учур зындан экен. 35 жашымда ушуну түшүндүм дагы, жандүйнөм ушунчалык эркиндикти талап кылды. Бүркүт болуп шаңшыгым келди. Башыңда томогоң турса кантип шаңшымак элең? Алгач төбөңдү басып турган томогоңду алып ыргытыш керек. Эркиндиктен бакыт, жандүйнөмдүн тынчтыгын таптым. Эрежеге сыя бергендер, эрежени айта бергендер жакпайт. Ал эреже эмнеге керек экенин деле билбегендер бар. Мен биринчи өзүмөн баштадым, коркуу сезимин жеңип, тайманбас образды алдым. Бирөөнүн оюнан, “эл эмне дейттен” чыгуу жолундамын. Бул сонун сезим экен. Психологиялык китептерди баса калып окуп аттым, сабак алдым, тренингдерге бардым. Өзүмдү ар тараптуу өзгөрткөнгө аракет кылдым. Адамдар менен баарлаштым. Алардын анализдерин өзүмдүн анализдериме салдым. Көп издендим. Айтор, башкача Назира чыгып келе жатат... Мындан ары да өзүмдү курчуткум келет. 

-- Сизге айымдардан да сын айтып кармашкан, жаакташып айтышкан эркектер көп. Мындан улам, “эркек аттуунун көбү майдаланып кетти” десек болобу?

-- Эркектер, албетте, майдаланып баратат. Кадимкидей айтышкан, оозуна алы келбегени болот. Баары эмес, бирок кездешет. Ошол эле учурда айланамда чыныгы мырзалык сапатка ээ болгон жигиттер бар. “Кой аксагы менен жүз” дегендей эле кеп. Өзүмдүн жандүйнөмө, талабыма туура келген жигитти жолуктура элекмин. “Жолуктурамбы?” деген күмөнүм да бар... Менин бийик максатыма, умтулуума ал эркек канчалык шайкеш келет, билбей турам. Кыялымдын баары эле карьерага барып такалып атат. Эгерде мен аны, же ал мени бактылуу кыла ала турган болсо, экөөбүздүн күчүбүздү кошкондо кыргызга кызмат кыла тургандай сезилсе, ал мени бутуман тартып эмес алдыга түртүп турган адам болсо, бийиктикке кошо ала учкан мырзанын күчүн туйсам, көп нерсеге даай ала турган кайраты болсо, эмне үчүн болбосун? Шашылыш деле жок, өзүмдү жакшыртууга, кемчилигимди жоюуга аракет кылып атам. Эгер алдыман жогорудагыдай жакшы адам жолугуп калса, мен ага татыктуу болгудай даяр турушум керек деп ойлойм. Калганы Жараткандын колунда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер