Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Мамытбек: “Биринчи күйөөм тапанча такаса, эквадорлук жигит мени түшүнбөдү...”

Гүлзат Мамытбек: “Биринчи күйөөм тапанча такаса, эквадорлук жигит мени түшүнбөдү...”

28-июнь, 14:15
10 268 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бүткүл планетага дем берген” Гүлзат Мамытбек ушу тапта өзү элдин демине, колдоосуна муктаж болуп турган кези. Буга үй-бүлөлүк зомбулук себеп. Гүлзат Мамытбектин апасы, баласы көзүнүн жашын көл кылып, президенттен жардам сурап чыкты. Баарынан да баланын ыйына кайдыгер карай албай, ырчы айымдын өзүнө кайрылдык. Окуянын чоо-жайын төмөнкүдөй айтып берди.

-- Гүлзат айым, балаңыз, апаңыз ыйлап жардам сурап атат, деги үй-бүлөңүздө эмне болууда? 

-- Мурунку күйөөм мага көө жаап атат. Балдарымды менден тартып алуу коркунучу бар. Төрт жыл мурда расмий түрдө ажырашкам, жети жыл аны менен тозоктогудай жашоодо жашадым. Балдар менде калган, алар “бизди атама бербе” деп жалдырашат. Адвокат чуркап жүрүп мыйзам чегинде балдарды мага алып берген. Ошого карабай, улуу кызымдын мектебине барып уурдап кетти. Мен андан кеткенимди мойнуна алгысы келбей, өч алууда. Экөөбүз салган үч кабат үйдө менин 80% эмгегим, акчам бар. Бир кашык албай, 7 айлык кызымды алып, үйдөн чыгып кеткем. Кийин эки баламды тең өзүмө алганда такыр эле чектен чыгып кетти. Азыр мен Москвада, балдарым Бишкекте. 

-- Сизге эмне себептен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды? 

-- Менин англис тилин үйрөтө турган мектептерим бар экенин жакшы билесиңер да. Тил үйрөнүүдө “мобилдик тиркеме иштеп чыгайын” деп каражат издеп, инвесторлорду тарткам. Бирок, бул тармакта жакшы түшүнүгүм жок болгондуктан көп ката кетирдим, долбоор ишке ашпай калды. Карыз болгон акчаларымды инвесторлор менен сүйлөшүп алып, четинен төлөп берип аткам. Баары жакшы болчу. Муну күйөөм билип алып, ошол инвесторлорго барып, мени “шылуун” деп жамандап, тукуруп атып үстүмөн арыз жаздыртыптыр. Бир инвестордон 2000 доллар алсам, “5000 доллар алды” деп, дагы бирөөнөн 4000 доллар алсам, “11000 доллар алды” деп жалган көрсөтмөнүн негизинде мага кылмыш ишин козгоп, издөөгө берип салышыптыр. Болбосо, элдин баары менин Москвада экенимди билишет. Азыр ИИМге жардам сурап кайрылдым. Учурда териштирүү иштери башталды. 

-- Ушундан көрө чет жакка чыгып кетип калбайсызбы?

-- Жок! Мен эми аягына чейин барам. Бул адам мага азыркыга чейин зомбулук көрсөтүп келди. Электрошокер, тапанча менен коркутуп, моралдык жактан кысым кылып жүдөттү. Эми мен көйгөйүмдү дүйнө жүзүнө жар салып, ачык күрөшөм. Эл аралык уюмдардан жардам сурап кайрылам. Меникиндей мыкаачы күйөө статистика боюнча 2% адамдарда эле кездешет болуш керек. “Дүйнө жүзүндөгү аялдар, тургула!” деген кыймыл баштайм. Зомбулук көргөн баардык аялзатына укуктук жактан жардам берем. 

-- Чет элдик жаранга турмушка чыктыңыз эле, ал эмне болду?

-- Ооба, Эквадордон келген жигитке турмушка чыккам. Ал мени сүйүп, атайын келген болчу. Баш кошуп, нике кыйгандан кийин балдарыма жакшы ата боло алган жок. Түшүнүгү, ой жүгүртүүсү башкача адам экен. Биздин менталитетке көнө албай, менин жашоомду түшүнбөй койду. Ошондуктан эки ажырым жолго түшкөнбүз. Бирок азыркыга чейин жазып, ал-абалымды сурап, байланышып турат. 


"Азия Ньюс" гезити

 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер