Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » “Мен алкоголикмин” десе да Мирбек Атабековго элдин сыйы жогору экен
“Мен алкоголикмин” десе да Мирбек Атабековго элдин сыйы жогору экен
15-январь, 22:32


Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков блогер Илим Карыпбековдун кычыкы билдирүүсүнөн кийин соо да, кызымтал абалында да жооп бергени коомчулукта талкуу жаратты. Эки-үч курдай кайрылуу чыгып кетти окшойт. Акырында мындайча ток этерин уктук. “Мен алкоголикмин, муну менен 20 жылдан бери күрөшүп келатам” деп айтты. Албетте, көпчүлүктү ойго салды. Илим Карыпбековго окшогон “чукугучтарга” жага бербей калса керек. Ал эми калың катмар Мирбек Атабековду элдин сыймыгы катары жогору баалашарын, анын талантына таазим кылышып, урматташарын соцтармактарда жазып жатышты. Эмгеги сиңген, жүрөктөн түнөк тапкан ырчыга гана ушундай сый көрүлөт тура...











