Өмүрзак Төлөбеков: “Сүйүү жана байлык” тасмасы Америкада көрсөтүлүп баштайт”

Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек.
-- Өмүрзак мырза, соцтармакта Америкадан баштап беш өлкөдө 4 өлкөнүн жылдыздарынын катышуусунда аты чоң интрига жараткан “Сүйүү жана байлык” (башталгыч аталышы “Президенттин сүйгөнү”) аттуу көркөм тасма 14-июндан тартып көрсөтүлө турганы жарыяланды. Эмнеге Америкадан башталды?
-- Тасма Америка кинокомпаниясы менен бирдикте тартылды. Адегенде Америка шаарларында коомчулукка жана эл аралык ири интернет каналдардын (стриминг платформалардын) өкүлдөрүнө тартууланмакчы. Анүстүнө “президенттин жеке турмушу тууралуу фильм Орто Азия өлкөлөрүндө көрсөтүүдө маселе жаралбайбы?..” деген чочулоо болду.
-- Андай кооптонууга негиз түзүлдүбү?
-- “Президент жана бомждо” президенттин кабинетин олигарх Нариман Түлеевдин, “Президент жана бомж–2” кинобузда дагы бир олигарх Аскар Салымбековдун иш бөлмөлөрүнөн тартканбыз. Бул жолу мыкты кабинет издесек, аттуу-баштуу ишмерлер секирип, макулдук беришпеди. Казакстанда да ушул абал болду. Фильм тартылып атканын жарыялайын десек, массалык маалымат каражаттары да качышты.
-- Фильм кайсы шаарларда тартылды жана кайсы өлкөнүн кандай аткаруучулары катышты?
-- Нью-Йорк, Стамбул, Москва, Алматы, Бишкек, Ташкент шаарларында тартылды. Өзбекстандан Убайдулла Бакаев (Омон), Феруза Собирова, Сардор Сайдуллаев, Казакстандан Алмат Сматов, Ринат Уалиев, Маржан Инкарбекова, Кыргызстандан Руслан Орозакунов, Жолдошбек Жанжигитов, Руслан Курманалиев, Клара Токтобаева…
-- Тасмада кайсы өлкөнүн президентинин турмушу чагылдырылды?
-- Бул документалдуу эмес, көркөм чыгарма болгон соң, өлкө шарттуу түрдө азыркы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан биргелешкен Туран Республикасы чагылдырылды.
-- Азыркы учурдун окуялары камтылабы?
-- Мезгилине келсек, тагыраагы, 2020-жылга чейинки окуялар баяндалат.
-- Чоң кызыгуу жараткан тасма Кыргызстанда көрүүчүлөргө качан тартууланмакчы?
-- Буюрса, Америкада тушоосу кесилип, Орто Азия өлкөлөрүндө июнь айынын аягында коюлуусун болжоп турабыз.
-- Саясый маселеден улам коомчулукка кеңири тартуулоого тоскоолдук жаралбас бекен?..
-- 2012-2018-жылдарда “Президент жана бомж–1-2-3” саясый фильмдерин чыгарганбыз. Ошол тасмалар сыяктуу эле бул фильмде коомчулукка көрсөтүүгө тыюу салууга негиз берген, мыйзамдарга, нравага каршы сценалар жок.
"Азия Ньюс" гезити