Россиялык актриса турмушу оор кыргызстандык кызды «багып алган»
Россиялык актриса Ольга Волкова кыргызстандык кызды «багып алган». Бул тууралуу актриса өзү «Эмпатия Манучи» Ютуб каналына курган маегинде билдирди.
Волкованын айтымында, эки жыл мурун анын батиринде Айжамал аттуу жашоочу пайда болгон. Ал учурда Айжамал актриса жашаган көп кабаттуу үйдөгү чачтарачта иштечү.
Волкова Айжамалдын турмуш шарты оор экенин жана дайыма арзан батирлерди ижарага алып жашап жүргөнүн билчү. Ошол учурда актрисанын батиринде бош бөлмө бар болчу. Ошондуктан ал Айжамалды үйүнө чакырып, чогуу жашоону сунуштаган. Бир нече күндөн кийин Айжамалды жана анын кызын үйүнө расмий түрдө каттоого тургузган. Волкованын айтымында, Айжамал учурда күйөөсү жана кызы менен башка батирди ижарага алып жашап жатышат.
«Айжамал менин кызым болуп калды. Анын кызы – менин неберем» деп белгиледи актриса.
Волкова Айжамал ага жакын экенин, баарлашып турарын жана «апа» деп кайрыларын кошумчалады.