Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлайым МУРЗАЕВА, Ютуб-блогер: “Ютуб каналымда Америка туурасында баардык маалыматтарды кыргыз тилинде тартуулайм”

Гүлайым МУРЗАЕВА, Ютуб-блогер: “Ютуб каналымда Америка туурасында баардык маалыматтарды кыргыз тилинде тартуулайм”

30-декабрь, 18:11
2 791 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ЭлТР, NewTV телеканалдарында кабарчы, редактор, алпаруучу, продюсер болуп эмгектенип, кыргыз журналистикасына он жылдан ашык убакыт салым кошкон биздин каарманыбыз Гүлайым Мурзаева учурда Америкада Ютуб каналын ачып, Америкадагы мекендештерибиздин жашоо турмушун чагылдырып, ийгиликтүү иштеп жаткан, элибизге шык берген, мекенчил, мыкты кыздарыбыздын бири.

-- Сен үчүн жаңы жыл кандай майрам? Америкада жаңы жылды кандай майрамдашат экен?

-- Жаңы жыл менин эң толкунданып тоскон майрамдарымдын бири. Анткени, өзүмө өзүм бир жылдын отчетун берип, жетишкендиктерге, каталарга, кемчиликтерге көз жүгүртүп, анан кийинки жылдын планын түзүп жаткан учур. Бир чети көз ачып жумганча айланып келип калган жаңы жыл убакыттын да абдан бат өтүп жатканын эске салып муңайтпай койбойт. Ошондуктан, ар тараптуу толкундануулар болот жаңы жылдын астында.  

Ал эми Америкада жаңы жыл жок экен. Жок дегеним, алар Christmas Day деп 25-январда Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешет. Жадагалса үйлөрдүн сырты, ичинен бери жомоктогудай кооздошуп, жакындарына белектерди даярдашат. Биз көргөн жаңы жыл тууралуу Американын кинолору дал ушул Christmas Day майрамына арналып тартылган кинолор болуп саналат. 

-- Чикагодогу кыргыздар кайсы майрамдарды белгилейсиңер? 

-- Негизинен Чикагодогу кыргыздар Кыргызстанга тийешелүү ар бир майрамды Кыргызстандагыдай кылып салтанаттуу майрамдай алышпаса да, бул жакта өз-өзүнчө белгилегенге аракет кылышат. Мисалы, эгемендүүлүктү, Ноорузду, же Айт майрамдарын чогуу өткөрүп турушат.

Айрыкча, чет жерде чоңоюп жаткан кыргыздын балдары Кыргызстандан алыс өсүп жатканы аз келгенсип, майрамдардан, ар кандай кыргыздын каада- салтттарынан да түшүнүгү жок калбашы керек (!) деген ой ар бир ата-эненин жүрөгүндө бар. Ошондуктан, майрамдарга жок дегенде атасы же энеси балдарын   алып барганга аракет кылышат. 

-- Кыргыздардын балдары деп калдың. Үй-бүлөлүүлөр көппү же бойдокторбу? Анан ошол эле балдар үчүн кандай шарттар каралыптыр?

-- Албетте, бойдоктор көбүрөөк. Америкада балдардын укугу биринчи орунда  турат. Мыйзам боюнча бала кандай жер болбосун жалгыз калбашы керек. Аларга эч ким, жадагалса ата-энеси да чектен ашып мамиле кыла албайт. Ошондуктан, чоңойгондо ата-энесин сотко берген америкалыктардын балдары кадимки эле көрүнүш экен. 

Ал эми кыргыздар болсо, кыргыз экенин унутпаш үчүн колдон келишинче аракет кылышат. Ошондон кабатырланышат. Анткени, такыр башка коомдо өсүп жаткан балдар укканын эмес, көргөнүн жасашат да. Айрыкча же америкалык эмес, же толук кыргыз эмес болуп, ал балдардын келечектеги орду ар бир ата-энени ойлондурбай койбойт. 

-- Америкадагы кыргыздардын балдары кыргыз тилинде канча пайыз сүйлөй алышат? Алар чоңойсо Кыргызстанга келеби? Сенин балдарың оңой эле көнүп кеттиби? 

-- Билесизбибул мен үчүн абдан оор тема. Өзүм дагы ушул суроого келгенде ойлорум абдан чачырайт. Анткени, кыргыз тили бүгүнкү күндө Америкада, же башка чет мамлекетте эле эмес, Кыргызстанда да сүйлөнбөй калган. Ал эми Америкага келсек, кыргыз тилин билген балдар өтө эле аз. Жадагалса түшүнгөн балдар азайып баратат да. Анткени, мен өзүм тил үчүн, кыргыз үчүн күйгөн адам катары өзүмдүн балдарымдан баштайын. Анткени, кыргыз тили бул – эне тил. Эне бул – менмин. Демек, балдарына эне кайсы тилде сүйлөсө, балдары да ошол тилде сүйлөйт. Энени көргөндө автоматтык түрдө ошол тил эсине келет. Демек, кыргызча сүйлөбөгөн балдардын баарынын энесинде күнөө бар. Мейли ал Кыргызстанда болсун, Орусияда болсун, же Америкада болсун дейли. 

 Ал эми балдарына кыргызча унуттурбаш үчүн аракет керек. Келгенибизге экинчи жылга айланып баратат. Азырынча биздин балдар кыргызча сүйлөшөт. Бирок, алардын дүйнө таанымы англисче болуп жатпайбы? Алардын 80% убактысы мектепте өтүп, күн сайын, кадам сайын алдыдан чыккан суроонун  жообун англис тилинде таап, англис тилинде үйрөнүп жаткандыктан, кээ бир теманы англис тилинде сүйлөшкөнгө туура келет.  

-- Демек, чет жерде жүргөн балдар тууралуу эмне айта аласың?

-- Аны мамлекеттик денгээлде ойлонулуш керек. Анткени, каны менен аты кыргыз, бирок жарандыгы, тили, ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы, чөйрөсү башка болгон бала кыргызга күйөбү? Күймөк түгүл Кыргызстанга барбайт. Муну мамлекет ойлонуш керек. Анткени, чет жакка суудай эле агылып кетип бараткан жарандарынын укугу, келечеги, тили бүдөмүк бойдон калууда. Ага карабай четке чыккан кыргыздар көбөйгөндөн көбөйүп, артка кайтып келгени өтө аз. 

-- Өзүңдүн Ютуб каналың тууралуу айтып берсең. Азыркы тапта кайсы мамлекеттен көп көрүшөт? 

-- Мен өзүмдүн “Гүлайым Мурзаева” деп аталган Ютуб каналымда Америка туурасында баардык маалыматтарды кыргыз тилинде берип турам. Мисалы: маданият, спорт, Америкадагы система, жөнөкөй эле эрежелер, мекендештердин жашоосун, ийгилигин, басып өткөн жолун, кыйынчылыгын, айтор, баардык жаңылыктар профессионал камера, монтаж, үн менен берилет. Ошондуктан “бир   телеканалдын жүгүн эле өзүң көтөрүп жатасың го” деп көп айтышат. Башында  каналды баштаганда анализдеп чыгып, 3 айдан 8 айда өз жыйынтыгын берип баштаса керек деп ойлогом. Бирокменин материалдарым мен ойлогондон да тез тарады. Суроо-талап көбөйүп, түнү-күнү иштеп калган учурлар болду. Кудайга шүгүр, күтүп жаткан көрүүчүлөр бар болгон үчүн ушул даражага келдик. Кыска убакытта өз көрөрмандарымды Ютуб аркылуу да таап, баарыбыз бир команда болуп иштегендей, бир багытты көздөй бет алгандай сезилет. Азыркы тапта Америка, Орусия, КМШ мамлекеттери, Европа, Корея, Кытай, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн биздин каналды көрүшөт. Эми бул канал бир гана кыргыз тили менен чектелбейт, бир канча тилде чыгарылып баштайт буюрса. 

-- Кыргыздар америкалыктардан эмнени үйрөнүшүн каалайт элең? 

-- Кыргыздар америкалыктардан үйрөнө турган аз эле нерсе бар. Алар: жылмайып жүрүү, тааныбасаң да саламдашып, же кечирим суроо, кечикпөө, план менен жүрүү ж.б. Менимче, муну кыргыздар эч качан үйрөнө алышпаса керек. Анткени, элестетиңиз, Америкага келгенине 10-20 жылдан ашса да бул сапатты  үйрөнбөгөн соң, демек, аны өмүр бою үйрөнө алышпайт. Ал эми бир жумушту өздөштүрүп кетүү жагынан кыргыздар дүйнөдө биринчи орунда. Кыргыздар абдан эпчил, жол тапкыч, баардык нерсени бат эле үйрөнүп алабыз.  

-- Алдыда кандай пландар бар?

-- Америкада бир эмес бир нече планың болушу керек экен. Ошондуктан, азыр менде бир нече багытта план түзүлгөн. Буюрса баары акырындык менен жакшы көрсөткүчтөргө жетет. Ал эми менин Ютуб каналым бул – менин хоббим. Мен каныма, жаныма сиңип калган жумушумду кай жерде болбосун жоктон бар кылып жасап коё алам. Бир аз эле тыныгуу болсо, көрөрмандар сурашып, тынчыңды ала баштайт. Демек, мени күткөн бир аудитория бар экенине кубанам. 

Америкага баруу чечимин да ушул план менен кабыл алгам. Анткени, мен конкреттүү план менен жүргөндү жакшы көрөм. Жогоруда айткандай, Америкага кантип барсам болот?” деп менден көп сурашат. Жалгыз бой энелер “үч-төрт балам менен бара аламбы?” деп суроо узатышат. Айрыкча “эптеп барышым керек” дегендерин укканда, бир аз ойлоно түшөм. Эч кандай максатсыз, плансыз, айрыкча тил билбестен такыр башка өлкөгө “эптеп” келүү, айрыкча жалгыз бой энелерге оор. Анткени, Америкада бала чоңойтуу, билим берүү, шартын түзүп берүү абдан эле кымбат. Бул жакта жалгыз бой эне эмес, түгөл үй-бүлөлөр эки баланы эптеши кыйын болуп жатканда, ал энелер үчүн бир чети корком.

Ал эми менин максатым Америкага эптеп келүү эмес болучу. Менин миссиям эмне экенин билген үчүн келгем. Ошондуктан, Америкада кыргыздар жөнүндө материал даярдаган биринчи блогер болуп саналам. Кудай буюрса, бир жыл ичинде жакшы жумуштарды жасадык, анын ичинде элге пайдасы тийгендер көп болду. Эми кийинки жыл дагы жакшы жылдардан болот (!) деп үмүттөнөм. Эң башкысы, аманчылык болсун. Элибиз, жерибиз, жакындарыбыз баары аман болсун. Алыс болсом да, ар бир мүнөт, секунд Кыргызстан менин жүрөгүмдө.

Эмесе, Кыргызстанга чоң салам айтам. Баарыңыздардын келе жаткан жаңы жылыңыздар кут болсун! 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

 "Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер