Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакиев маркумдарды маскара кыла береби?

Бакиев маркумдарды маскара кыла береби?

27-июнь, 23:49
2 139 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы жылдары кызык эле окуяларды көрүп атабыз. Элге жага турган саясат орун алса, анда колдойт элек. Тилекке каршы, көпчүлүк сары санаага батууда. Бизге билдиришкендей, канга малынган Курманбек Бакиевдин Акмат, Адыл ж.б. бир туугандары, үй-бүлө мүчөлөрү Кыргызстанда ээн-эркин жүрүшкөнү, Жалал-Абад облусунда позицияларын бекемдей башташканы таңгалдырууда. 2010-жылдан кийин Бакиевдин инилери соттолбоду беле? Кайра акталыштыбы? Качан? Айтор, көп түшүнүксүз көрүнүштөр кайталанууда.

Минскиде качып жүргөн Курманбек Бакиев 200 орундуу фабрика куруп, кун төлөйт имиш. 7-апрелде бейкүнөө атылган 90 адамдын жакындарынан ушундайча кутулары логикага сыябы? Талкуу жаралды. Эски жараны улам сыйрып, КурСалиевич тынч жатпайт экен да. Кыргызстандан өөнөп кеткен байлыгынын күкүмүн чачып, маркумдарды маскара кылганы калдыбы? “Кан коё бербейт” дейт кыргызда. 2010-жылдын 7-апрелинде каргаша жаратып, каран күн түшүрүп, качып кетсе, анан эми жыландын башын кылтыйта баштаганын карачы! “Кар жаады, из басылды” дегениби? Жо-ок, Курманбек Бакиевдин күнөөлөрү кечирилбейт. Эсиңерде болсо, 5 жыл ичинде 60 чакты буюртма өлтүрүүлөрдү жасашканын Абдил Сегизбаев айтып чыккан эле. Канча деген үй-бүлөнү боздотуп, кан төгүшкөнү унутулуп калабы? Саясатчылар, спортсмендер, бизнесмендер, депутаттар, айтор, санай берсек арбын. Курманбек, Жаныш, Максимдерге кимдер жакпай калса эле көзүн тазалатчу да, туурабы? Ооба, эстеген сайын жүрөк тилинет. Кыскасы, коомчулуктун ичинде кыжырдануу күчөй баштады. Бакиев 200 миң орундуу ишкана куруп берсе да жүрөк жылыбас! Жылас алгырдыкы! Кан төгүү, зулумдуктун ашкан чеги эч убакта кечирилбес. Акыркы жылдары ар кандай амалдарды ойлоп чыгышып, бийликке кара көлөкө түшүрүп атышат. Уктап жатканда муздак суу чачкандай...

Ошентип, август айынын аягында Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келери айтылууда. Эгемендүүлүктүн урматынабы? Эл кантип кабыл алат? Арбактар наалат келтиреби? Эрксизден баш чайкайсың да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер