Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аярлуу аял, бейкүнөө уул-кыз зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон

Аярлуу аял, бейкүнөө уул-кыз зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон

29-май, 10:08
3 092 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 2023-жылдын 12 айына карата 704 адамга карата 611 кылмыш иши сотто каралган. Анын ичинен 25 оор кылмыш иштер, 5 өзгөчө оор кылмыш иштер эле. Белгилей кетчү жагдай, өзгөчө оор кылмыштар категориясы менен 1 адамга карата 1 кылмыш иши баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыш, 3 адамга карата 1 кылмыш иши каракчылык фактысы, 5 адамга карата 3 кылмыш иши адам өлтүрүү фактысы менен каралган. Алардын ичинен бүгүнкү күндүн эң көйгөйлүү маселеси гендердик зомбулук – бул адам укуктарынын бузулушу жана гендердик теңсиздиктин көрүнүшү, патриархалдык бийлик структуралары жана аялдарга караганда эркектерге артыкчылык берген маданий нормалар болуп эсептелет.

Гендердик зомбулуктун ар кандай түрлөрү бар. Мында адамдарга алардын гендердик өзгөчөлүгүнөн улам жасалган ар кандай зомбулукту билдирет. Бул дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарга таасир эткен туруктуу көйгөй бойдон калууда. Өкүнүчтүүсү, бул көйгөй жеке адамдарга, үй-бүлөлөргө, жамааттарга жана бүтүндөй коомго олуттуу кедерин тийгизип, экономикалык өнүгүүгө жана адамдын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө доо кетирип жана физикалык, психологиялык, социалдык жыргалчылыкка дароо жана узак мөөнөттүү таасир этиши мүмкүн болгон кеңири таасирлерге ээ экенине күбө болуудабыз. 

Мисалга алсак, 2023-жылдын 16-февралында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө Бишкек шаарынын 5-кичирайонунун №57/1 көп кабаттуу үйүнөн киши кулап түшкөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аталган маалыматты текшерүүдө, №57/1 үйдүн 4-кабатында жайгашкан 13-батирдин эшиги өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери тарабынан бузулуп ачылып, батирдин ичинде зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн 1972-жылы туулган А.К., 2014-жылы туулган Т.С. жана 2005-жылы туулган Т.С.нын (аты-жөнү кыскартылган) жансыз денелери табылган. 

Аталган факты боюнча КР КЖКнын 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-,3-,7- жана 12-пункттары менен 03-055-2023-000499 сандуу кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен 2023-жылдын 9-июнунда аталган кылмыш иши боюнча Ч.А. (аты-жөнү кыскартылган) карата КР КЖКнын 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-,3-,7- жана 12-пункттарынын, 267-берененин 1-бөлүмү менен Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан айыптоо актысы бекитилип, ошол эле күнү Октябрь райондук сотуна кароого жиберилген.

Октябрь районунун сотунун 2023-жылдын 3-ноябрдагы өкүмү менен айыпкер Ч.А. КР КЖКнын 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-,3-,7- жана 12-пункттары менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

Мындан тышкары, КР КЖКнын 267-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 800 эсептик көрсөткүчтө айып пулга кириптер болуп, КР КЖКнын 77-беренесини 3-бөлүмүнүн негизинде, кылмыштардын жыйындысы менен сиңирүү жолу акыркы жаза мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

Мындан тышкары, жабырлануучу тараптын моралдык жана материалдык чыгымдарды өндүрүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган (671 590 сом материалдык жана 3 000 000 сом моралдык чыгым).

Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык сотунун кароосу менен жактоочунун Бишкек шаарынын Октябрь районунун өкүмү Ч.А. КР КЖКнын 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-,3-,7- жана 12-пункттары менен күнөөлүү деп табылган кылмыш иш боюнча апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылып, 2023-жылдын 3-ноябрындагы өкүм өзгөртүүсүз калган.

Акыркы жылдары коомдо актуалдуу көйгөй жаратып келген үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн прокуратура органдары тарабынан, аткаруу бийлиги, укук коргоо органдары, жарандык коом жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери менен биргеликте иш-пландар жана программалар түзүлүп, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту жана балдар арасында кылмыштуулукту болтурбоо максатында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Кундуз Акунова, Бишкек шаарынын Октябрь районунун улук прокурору     
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер