“Коррупцияга каршы күрөштү токтотпосок, эки-үч жылда кыйла тазаланып калабыз”
-- Бизде коррупцияга каршы күрөш чечкиндүү жүрүп жаткандай сезилет. А эмнеге бул жагынан дүйнөлүк рейтингде артта калып, ийгиликсиз өлкө катары бааланып келебиз?
Чынара Мамажакыпова:
-- Өзүңүз белгилегендей, азыр жалпы жумурай журт көрүп, сезип атат. Президентибиз Садыр Нургожоевич башында турган мамлекет коррупция менен аёосуз күрөшүүдө. УКМК күндө паракорлорду кармап атат. Албетте, эгемендик жылдары болуп көрбөгөндөй бүрдөгөн коррупцияны бир заматта эле кыя чаап жок кылып коюу оңой эмес. Ошентсе да чечкиндүү күрөш жүрүп атат. Болгону баарын түп-тамырынан жоготуу үчүн убакыт керек. Садыр Жапаров Октябрь окуяларында коррупцияга каршы катуу күрөшүүнү айткан. Көбү аягына чейин ишенген жок. Бирок президент убадасына туруп, бүгүнкүгө чейин уурдалган мүлктөрдү мамлекетке кайтарууда. Мына, “саясый эрк” деп ушуну айталы, аягына чейин колдоп туралы. Ал эми ар кандай рейтингдер Батыш уюмдары тарабынан жүргүзүлөт. Саясый кызыкчылыктарды көздөп, түрдүү көрсөткүчтөрдү жарыялап коюшу мүмкүн. Рейтингдерге мен көп деле ишене бербейм. Себеби, коррупция менен жүрүп жаткан күрөштү өз көзүм менен күндө көрүп атып, анан “күрөш жүргөн жок” деп кантип айтам?..
Турат Мадылбеков:
-- Бизде коррупция менен күрөш болуп көрбөгөндөй деңгээлде жүрүп жатат. Мен баардык бийликтин өнүгүүгө карай аракеттерин салыштырып турам. Бүгүн мамлекетибизде коррупция менен күрөш жакшы эле натыйжа берип жаткандай. Мурда болуп көрбөгөндөй чечкиндүү кадамдар ташталууда. Ушунча күрөшүп жатса да дүйнөлүк рейтингде артта турганыбыз – мамлекетибиз коррупцияга, сазга батып калганын далилдейт. Ар бир министрликте, ведомстволордо бюджеттен бөлүнгөн акчаларды “жеп” жатышат. Камаса деле ошолордун ордуна келгендер коррупциялык схемаларды улантып, элдин акчасына кол салышууда. Ошон үчүн тыйылбайт да. Деги эле коррупция менен күрөш бүгүн-эртең менен чектелбей, тынымсыз жүрүшү керек.
Дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунга чыккан, эң таза деген мамлекеттерде деле коррупция бар. Бирок көзөмөлдөп турушат. Болгону алар элдин аң-сезимине “жебе, алба” деп сиңирип коюшкан. Бизде көнүмүш сыңары пара алууга азгырылышып, иш козгоп жатса деле ордуна келгени “жебеген жердин алдында” деген принцип менен камалып кеткендердин иштерин улантып келишет. Мына ошондой адамдар мамлекеттик, муниципалдык кызматтын кадырын кетиришип, өлкөнүн өнүгүшүнө залакасын тийгизишүүдө. Күрөштү токтотпосок, буюрса эки-үч жылда кыйла тазаланып калабыз.
Менимче, дүйнөлүк деңгээлде чыгарган рейтингге журналисттер алып чыгып жаткан коррупциялык фактылар көз жаздымда калып кеткени жана массалык түрдө саясатчыларды камоо орун алганы. Журналисттердин камалганы да эске алынып жаткандай. Себеби, коррупция деген адамдын укугу менен байланыштуу. Камоолор алдыңкы орунга чыгышыбызга залакасын тийгизип жатат. Буюрса, жакынкы жылдары алдыга чыгабыз деген үмүтүм зор.
"Азия Ньюс" гезити