Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Өспүрүмдүн өлүмү үчүн министр К.Чыныбаев жеңил жаза менен кутулуп кетеби?
Өспүрүмдүн өлүмү үчүн министр К.Чыныбаев жеңил жаза менен кутулуп кетеби?
22-ноябрь, 21:50


Өспүрүм Амир Кунакуновдун өлүмү боюнча карапайым кызматкер камалып, айрым жетекчилер кызматтарынан кетишти. А эмнеге өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге сөгүш гана берилди? “Балык башынан сасыйт” дегендей, дыкат иликтеп көрүшпөйт беле? Ошентип, негизги жоопкерчиликти алган министр “быш” этип да койгон жок. Коомчулукта алигүнчө нааразычылыктар айтылууда. Дээрлик шалаакылык үчүн Канатбек Чыныбаев жазага тартылып, кызматынан айдалганда системага сабак болмок. Адилеттүүлүктү ошондо баамдайт элек. Азыр эми “таанышың барда танкасың” дегендей ишарабы?











