Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Атамды өз баласы кыйнап өлтүрдү. Милиция мыкаачынын адвокатына айланды...”

“Атамды өз баласы кыйнап өлтүрдү. Милиция мыкаачынын адвокатына айланды...”

25-июнь, 20:34
3 649 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2019-жылдын 21-декабрында Бишкекте 57 жаштагы Кененбаев Шейшенбек аттуу жаран киши колдуу болуп каза тапкан. Болгондо да өз уулунун колунан 14 жолу бычак жеп, мууздалган. Ушу тапта кылмышка шектүү М.С. камакта, бирок “кылмыш иши акыйкат тергелбей жең ичинен акча менен бүтүп атат” деп маркумдун кызы Айгерим Шейшенбек нааразы. 

-- Айгерим, кырсык болгон күнү сиз кайда элеңиз?

-- Биз негизи Таластын Кара-Буура районунун Ак-Башат айылынан болобуз. Үйдө беш бир туугандын ортончусумун. Эки агам, иним, сиңдим бар. Өзүм 24 жаштамын. 21-декабрь күнү апам менен тигүү цехине иштегени кеткем. Сиңдим ооруп, ал күнү сабакка барбай, атам экөө үйдө калган. Түшкү саат экилерде бизге милиция телефон чалып, атам ооруканада экенин кабарлады. Жетип барсак, сөөгү эбак өлүкканага өткөрүлүптүр, сөөгүн шаардын көчөлөрүнөн таап алган күбөлөр милицияга кабар беришкен экен. 

-- Баласынын анчалык эмне кеги бар эле?

-- М.С. – атамдын биринчи никесинен туулган бала. Алты жашка чыкканда атам ал аялы менен ажырашыптыр, себеби, аялы жеңил ойлуу болгон экен. Ошондо баланы атам алып калууга аракет кылса болбой төркүнүнө алып барып таштап, өзү Бишкекке кетип калыптыр. Атам экинчи ирет апама үйлөнүп, биз бешөөбүз төрөлдүк. Ошондо атам менен баласы бир эле айылда жашап атышты, бирок бешиктен бели чыга элек жатып ичинде кеги менен жүрдү. Албетте, апасы атасын жамандап тукуруп чоңойтту да. Кийин бой жеткенден баштап эле атамды ачык коркутуп, “сенин түбүңө жетем” деп жүрдү. Атам аны өзүнө жакындатып, бала кылып бооруна тартканга аракет кылды. Үйгө чакырып катышып жүрдүк. Бирок кайра эле кекенип, “мени карабай кеткенсиң, сен мага үй салып беришиң керек” деп жакасынан колу түшкөн жок. “Болуптур, аталык милдетимен кутулайын” деп өзүбүз шаарда жашап аткан үйүбүздү сатып, жер тилке алып, өз колу менен эки кабат үй салып берди. Анда да жаны тынган жок. Азыр ошол үйүндө аялы, балдары жашап жатышат. 

2016-жылы улуу агамды алдап, “чай ичели” деп чакырган экен. Өзү эки досу менен келиптир. Тамактанып бүткөн соң сейил бакты көздөй алдап, “заара ушаталы” деп ээрчитип барып, 14 жолу денесине бычак сайып, өмүрүнө кол салыптыр. Кокус кетип бараткан аял болбогондо байкем ошол жерден жан бермек. Себеби, бөйрөккө, көкүрөккө, табарсыгына, жыныс мүчөсүнө бычак матырган, агам ооруканага өтө оор абалды түшкөн. Узак убакыт, көп каражат жумшап, дарылап атып, агамды ажалдан алып калдык. Үстүнөн арыз жазып, камалган. Бирок атам “жаман да болсо агаңар, аны каматып ийгенде беш баласын ким багат?” деп тосмо арыз жазып, боштондукка чыккан. Анда да жашообузга тынчтык берген жок. Коркутуп, жакалап атып айылдагы чоң атамдын үйүн өзүнө каттаттырып алды. “Эми тынч жашайбыз го?” деп атсак болбоду. Улам атама телефон чалып, астын тооруп, “түбүңө жетем” деп жүрдү. Акыры жетип тынды... 

-- Бул оор кылмыш кандайча коомчулукка чыкпай, угулбай калды?

-- Ошол күнү атамдын сөөгү табылган жерге бардык. Эгер ошол жерден бычактап, мууздаса, жердин баары кызыл-жаян болмок да. Жаткан жеринде эле көлчүк кан болбосо, айланасы таза, кан болгон из да жок. Биздин оюбузча, атамды унаага салып барып кыйнап өлтүрүп, анан ошол жерге таштап кеткен. Өлүкканадан сөөгүн көрүп, эсибиз ооп эле отуруп калдык. Милициялар ошол жерден “прессага чыкпагыла, эч ким билбей турсун, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн” деди. Биз болсо атамдын сөөгүн айылга жерге берип, кыркылыгына чейин ошол жакта жүрдүк. Андан кийин эсибиз ооп, эки ай баш көтөрбөй аза күтүп жаттык. “Тергөө жүрүп атат” деген ишенимде болдук да. Көрсө, бул жактан баары акча менен жең ичинен бүтүп, милиция, тергөөчүнүн баары тиги мыкаачынын адвокаты болуп алган экен.

-- Атаңызды өлтүргөн киши милицияга өзү келдиби?

-- Биз “ошондон шекшип атабыз” дегенде издөө жарыяланган. Ал Кордайдын чек арасынан өтүп, кача турган жеринен кармалыптыр. 21-декабрда эле кармалса, милицияга 31-декабрда келип отурат. Он күн кайда жүрдү? Бул жерден да тартип сакчылар өз кызыкчылыгын көздөп акча жасашкан. Кылмышын мойнуна алып, өзү келсе, жазасы да жеңилдетилет тура. 

-- Ошондой акчалуу кишиби?

-- Өзүнүн үй-бүлөсү, беш баласы бар. Бирок, каза болуп калган жакын досунун аялы менен жашап алган. Ал тамырлуу, акчалуу аял. Көп нерседен ошол аял куткарып атат. Мисалы, берген көрсөтмөсүндө “ал киши мага өзү кол салды, мен өзүмдү коргодум, эмне кылып атканымды билбей калдым” дептир. Атам эч качан өз баласына кол салмак тургай, кишини какпаган жоош адам болчу. Баласына жаман ою бар болсо, эбак эле тындым кылып салмак. Аны медициналык текшерүүдөн өткөрүп, комиссияга акча берип атып, “кылмыш кылган учурда аффект абалында болгон” деген бүтүм чыгарышты. Эми мунун негизинде ал төрт-беш жылга гана кесилет экен, “эки жылдан кийин амнистияга илинет” дешти. Ошол учурда нашаа да чегиптир, бул ишке атайын пландап барганына бөркүбүздөй ишенебиз. Эгер бизде мыйзам бар болсо, өмүр бою эркинен ажыратылышы керек болчу. Биз азыр ошон үчүн акыйкат издеп чуркап жүрөбүз. 

-- Соту болду беле?

-- Жок, жети айдан бери иш тергелбей, бир орунда былкылдабай турат. Барсаң “иштеп атабыз, териштирип атабыз” эле дешет. Тергөөчүдөн тергөөчү алмашып, башты айландырып бүтүштү. М.С.нын бул биринчи эле кылмышы эмес. Буга чейин кыз зордуктап, мушташып, жөө жүргүнчүнү коюп кетип, баш-аягы жети жолу кылмыш иши козголуптур. Көп жерден суудан кургак чыгып келген. Эми түрмөдө отуруп алып улуу агама чалып, “түбүңө жетем” деп аны да коркутуп атат. Билбейм, мынчалык кеги канбаган кандай мыкаачы адам экенин түшүнө албай койдук! Өзү азыр 36 жашта, 23 жашынан бери бизге тынчтык бербей кууратып келет. Атамды өлтүрүп тынды, “кан коё бербейт” дешет. Бул кылганы үчүн эки дүйнөдө тең жооп берет. Биз акыйкат чечим чыгып, татыктуу жазасын алмайын жаныбыз тынбайт. 

Каргашалуу окуя болгон жер

Маркум экинчи жубайынан балдары мененАялы менен


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер