“Байлар жыргап жашай беришет, ал эми 70% эл кыйналган жашоонун үстүндө”


-- Кыргызстанда айлык акы, пенсия менен кандай деңгээлде жашаса болот? Үй-бүлөнүн кем-карчы чечилип, кымбатчылыкка туруштук бере алабызбы?
Качкын Булатов, укук коргоочу:
-- Айлык акы баардык жерде бирдей эмес, иштеген жерине жараша. Пенсиям 7 миң сомдун тегереги. Бул 10 килограмм эттин баасы. Биздин үй-бүлөгө өпчап жетет. А калганын кантебиз? Эттен башка азык-түлүк, ун, кант, май, туз, жашылча-жемиш деген бар. Коммуналдык төлөмдөрдүн баары көтөрүлдү: свет, газ, суу, таштанды, квартплата ж.б. Мындан сырткары, пенсионер жашындагы адамдарга дары-дармек күн сайын керек. Үй-бүлөнүн кем-карчы жөнүндө сөз кылбай эле койсок болот. Анткен менен кыргыздын менталитетинде ата-энени балдар карап, жок дедирбей турат эмеспи. Сабырдуулук, баарына шүгүр жашоо менен келатабыз. Баардыгы шайма-шай жашоо болуп калса керек деген илгери үмүт бар...
Клара Ажибекова, коомдук ишмер:
-- Эми элибиз бөлүнүп калбадыбы: өтө бай, орточо бай, майда бай болуп. Орусча крупная криминальная буржуазия, средня буржуазия, мелкая буржуазия (!) дегендей. Өтө байлар 5%, орточо байлар 15%, майда байлар 10%. Ал эми кедейлер 70% деп ойлойм. Тигилер жыргап жашай беришет, ал эми 70% эл кыйналган жашоонун үстүндө.
Бийлик бир топ эле аракет жасап жатат, коррупция менен күрөшүп. Ал өз түшүмүн бербей койбойт. Элде үй менен камсыз кылуу аракети күч алууда, иппотека системасын жолго коюп башташты. Бирок, баалар туруктуу болбой, арзандагандын ордуна кымбаттагандан үстүндө. Социализмге өтпөсөк, мындан ары да кыйналганыбыз кыйналган. Социализимде гана турмуш оңолот!
Болуш Саиев, коомдук ишмер:
-- Бүгүнкү эмгек акы, пенсия-пособиелер – түйшүктүн түйшүгү... Кээде ойлоп каласың, бул өкмөттүн курамындагы «Дон Кихоттор» эл үчүн иштешеби же өздөрүнүн максаттарынабы (?) деп. Бир гана мисал: «Эттин баасын мамлекет көзөмөлдөйт» деген чечим – айласыздын иши. Байкуш пенсионерлерди бала-чакасы асырабаса, аркы дүйнөгө даярдана беришмек. Экономиканын «локомотиви» болгон жеке ишкерлерге, дыйкан чарбаларга, фермерлерге таазим кылышыбыз зарыл. Ошолор болбосо ачка калмакпыз. Бирок, аларыбыз кайсы бир деңгээлде мамлекет тарабынан ооздукталган аргымактардай акыбалда. Конъюнктурщиктер, нувориштер мамлекеттин аппаратынан түп-тамыры менен жоюлмайынча, өсүш да, өнүгүү да бүдөмүк.











