Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам күйөөсү аялын балкондон түртүп жиберген

Үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам күйөөсү аялын балкондон түртүп жиберген

19-июнь, 14:37
1 582 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чет элдик маалымат булактары Украинадагы үй-бүлөлүк чырдын аёосуз мамилеге келгенин жазышууда. Тагыраагы, Украинада Алексей К. аттуу полиция кызматкери аялы менен жаңжалдаша кетип, андан кийин бир жаштагы кызынын көзүнчө аны сабап, балкондон түртүп жибергенин “Супер” сайты жазды.

Ага ылайык, 27 жаштагы аялы Дарья.К. күйөөсү бөлмөдө уруп жатканда балконго качып чыгып, сырттагыларга кыйкырып жардам сураган. Буга ачууланган күйөөсү аны балкондон түртүп жиберген. 

"Окуя 8-июндан 9-июнга караган түнү саат 02:00дөр чамасында болгон. Ал күнү полиция кызматкери үйүнө мас абалында келип, аялы экөө уруша кетишкен. Андан соң аялын мазактап, сабай баштаган. Аялы бирөөлөргө чалып, жардам сурабашы үчүн телефонун алып койгон, андан кийин аны өлтүрө тургандыгын айтып, коркутуп, "кызымды өзүм алып калам" деген. Аялы балконго чыгып кыйкыра баштаган, күйөөсү аны жардам суроосун токтотууга чакырган. Мунун баарын коңшулары угушкан. Андан кийин күйөөсү аны балкондон түртүп жиберген. Коңшулары дароо сыртка чыгып, аялга барышкан. Мындай кырсыктан аман калган Дарья: "Муну күйөөм кылды, кызымды батирден алып кеткиле" деп кайталап жаткан. Коңшулары "Тез жардам" кызматына чалганы жатканда күйөөсү келип алардан телефондорун талашып, “эч кимге чалбагыла” деген. Ал “баарынан мурун атама чалышым керек" деп билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер