Акыркы кабарлар
» Кылмыш » 12-кичи районундагы Аламүдүн суусунан адамдын жансыз денеси табылды
12-кичи районундагы Аламүдүн суусунан адамдын жансыз денеси табылды
21-апрель, 14:57

Бишкек шаарынын 12-кичи районунун аймагында Аламүдүн суусунан эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Кечээ, 20-апрелде Аламүдүн суусунда 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. 5 куткаруучу барып, маркумдун денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти”, - деп айтылат билдирүүдө.











