Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тилек Тюкебаев кечээ пара алууга айыпталса, бүгүн тынч отурмак беле?

Тилек Тюкебаев кечээ пара алууга айыпталса, бүгүн тынч отурмак беле?

21-июль, 20:26
1 464 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азиза Абдирасулованы жатып калганча Акүйдүн астынан сүйрөп, жаман жагынан таанылган Тилек Тюкебаев деген зөөкүр бар. Учурда Биринчи Май РИИБни жетектеп отурат. Бул кандайча кызматтык тепкичтерден көтөрүлүп келатат? Көрсө, ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов көлдүк жердеши катары жөлөк-таяк болуп келатыптыр. 

2017-жылы Тилек Тюкебаев Жети-Өгүз РИИБсин жетектеп турганда жаза баскан жоругу айтылып келет. “Марко Поло” пансионатынан Аваз аттуу УКТ мүчөсү менен уруша кетип, көп өтпөй анын артынан сая түшүп, колдогу рычагын пайдалануу таризинде 1,5 миң доллар пара алганбы? “Шибегени капка ката албайсың” дегендей, бул чуулган андагы министр Улан Исраиловго чейин жетип, кызматтык иликтөө башталат. Натыйжада, Тилек Тюкебаев ээлеген ордунан шыпырылып, Каракол ОИИБнин нөөмөт бөлүмүндө шүмшүйүп отуруп калганы кандай? Ошентип, элдин артында эле жүрчү экен. Кийин бийлик алмашканда кайрадан мурдагы орду Жети-Өгүз РИИБсине уялбай кайтып келип, андан соң Бишкек ШИИБ орун басарлыгына секирип, бүгүн болсо Биринчи Май РИИБде начальник катары ныксырап отурат. Тим эле билмексен, пакиза өңдөнүп. Учкайлата баяндасак ушундай. 

Учурда Тилек Тюкебаев кечээги пара алууга айыпталганын унутуп, Бишкек шаарынын башкы милициясы болууга жан үрөгөн кербезиби? Ажого кудалык, жердешчилик жагын оозанып, шефи Октябрь Урмамбетовдой шилекейин чачыратып, чыңалып отурса жанында киши чыдап тура албайбы? “Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат” дейт эмеспи. Анан калса, ортозаар кадрдын күнү тууганы ушулбу? Же “колу таза” десеңер бир жөн... 

"Азия Ньюс" гезити 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер