Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин аткаруу ИИМ менен чек ара кызматына жүктөлдү
Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин аткаруу ИИМ менен чек ара кызматына жүктөлдү
23-ноябрь, 18:40


Иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин аткаруу ички иштер министрлиги менен чек ара кызматына жүктөлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы маалымдады.
Сот чечиминин түшүндүрмөсүндө Болот Темиров Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесине таянып, эл аралык жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өлкөдөн чыгарылары айтылат.
Бишкек шаардык сотунда 23-ноябрда Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыкты. Аны дароо сот залынан кармап, алып кетишти. Учурда журналисттин кайда экени белгисиз.
Бир нече айып тагылган Темировдун ишин алгач Бишкектин Свердлов райондук соту караган. Райондук соттун өкүмүнө нааразы болгон прокуратура шаардык сотко кайрылган. 28-сентябрда Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов ага карата маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган.










