Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзбекстандык жигит аны менен жолугушуудан баш тарткан кызды бычактап салды

Өзбекстандык жигит аны менен жолугушуудан баш тарткан кызды бычактап салды

21-ноябрь, 17:12
724 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Москва шаарында өзбекстандык 25 жаштагы жигит аны менен жолугушуудан баш тарткан кызды бычактап салды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү Шохрухбек Каримов аттуу жаран. Ал бычактаган кыз менен таанышканына аз эле убакыт болгон. Ал кызга жакшы мамиле кылып, бирок тиешелүү жоопту ала албагандыктан ушундай кадамга барган. Кыз Донецктен келип, дүкөндө сатуучу болуп иштеген. Ал көкүрөгүнө бир нече ирет бычак сайылгандыктан каза болгон. Анын жансыз денеси Севастополь проспектисинен табылган. Кылмыш жасалгандан кийин Каримов шашылыш түрдө Москвадан Тамбов облусуна качып кеткен. Ал видеокөзөмөл камералары аркылуу кармалды жана кызды өлтүргөнүн моюнуна алды. Учурда бул боюнча тергөө иштери уланууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер