Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка камакка алынды

Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка камакка алынды

02-ноябрь, 12:12
474 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Журналист Семетей Талас уулу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты Аскат Жакупбеков "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Талас уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") менен айыбы угузулуп, камакка алынды. Анын бөгөт чарасы эртең, 2-ноябрда каралат. Ички иштер министрлиги журналисттин кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Семетей Талас уулу жыл башында Улуттук коопсуздук комитетинде Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” беренесинин негизинде козгогон кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Сурактан чыккандан кийин "чоң иликтөө жүрүп жаткан ишке байланыштуу күбө катары чакырылганын" айткан.

Ал буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси тууралуу пикирин байма-бай жазып келген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер