Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Зулушев менен Шакиевдин сүзө качырып келишкени нааразычылык жаратты...
Зулушев менен Шакиевдин сүзө качырып келишкени нааразычылык жаратты...
20-май, 17:15


Биринчи Май райондук сотунун короосуна Курманкул Зулушев менен Нурланбек Шакиевдин кымбат баалуу жолтандабастар менен келгени көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты. Буларга оор беренелер менен айыбы угузулуп атса, тоготпогондой сүзө качырып киришкени кандай? Карапайым адамдар жеңил кылмыштар менен эле камалып кетишүүдө. А дөөгүрсүгөн лөктөр эркиндикте эсиришип, жүргөн-тургандары укмуш бекен? Эл баарын карап турат да. Бай-кедейге мыйзам бирдей иштеши керек. Соцтармактагы сын-пикирлерди, жазылган жемелерди окусаң, төбө чачың тик турат... Андыктан, адилеттүү чечим чыгышы зарыл...











