Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Пара алуу күчөдүбү? Азенбек Козукеевдин ишмердигине баа берүү зарыл

Пара алуу күчөдүбү? Азенбек Козукеевдин ишмердигине баа берүү зарыл

24-март, 21:35
1 722 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азенбек Козукеев жалпы системаны артка тартып атса, эмнеге баа берилбейт? ИИМдин ички иликтөө кызматы текшерүүгө алса, көп былыктар чыгабы? Бул боюнча өздүк курамдагылар каңкуулашууда.

     Маселен, суроолор арбын. Кадр коюуда пара алуу, коррупция күчөдүбү? Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында идеологиялык-пропагандалык иштер жүрбөй калдыбы? Кырсыктар арбып, күнүгө, жума сайын канча деген адамдарыбыз жаракат алышып, жантаслим болуп жатышат? Алардын убалы кимге? Кызматкерлер ичинде Азенбек Козукеев кадыр-барксыз болсо, жалпы жол коопсуздугун кантип камсыздайт? Бул кадрды тезинен алмаштырбаса, абал оорлошо береби? Көпчүлүк таңгалууда...

     Кыргызда “мал болбой калды” деген кеп бар. Образдуу түрдө салыштырганда, Азенбек Козукеев да жыргатпай калды окшойт. ИИМде ишбилги, мыкты кадрлар арбын. Мына ошолордун кыйындарын электен өткөрүп, бирөөсүн дайындап коюшса, кризистик абалдан чыгат белек? 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер