Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Парламентте педофилдерди бычып салуу демилгеси көтөрүлдү
Парламентте педофилдерди бычып салуу демилгеси көтөрүлдү
19-май, 02:54


Парламент жашы жете элек балдарга сексуалдык зомбулук жасагандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Дастан Бекешов педофилдерди химиялык жол менен бычып салууну сунуштады.
"Жашы жетек элек кыздарды зордуктагандарды химиялык жол менен бычып салышыбыз керек. Казакстан ушундай мыйзам киргизди. Биз дагы кабыл алсак туура болмок. Кээ бири түрмөдөн эмес, бычылып калуудан коркот" деди Бекешов.











