Акыркы кабарлар
» Кылмыш » Бишкекте менчик бала бакчалардын биринде 5 жаштагы бала сабалганы айтылууда
Бишкекте менчик бала бакчалардын биринде 5 жаштагы бала сабалганы айтылууда
09-март, 22:59
627 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ала-Тоо жаңы конушундагы жеке бала бакчанын жетекчиси беш жашар баланы сабап салган. Бул тууралуу балдардын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, баланын апасы уюмга жардам сурап кайрылган.
“Башына соккон, кулагын бураган, дааратканага камап, жарыкты өчүрүп салган. Эми бала ыйлаганын токтотпой жатат. Бишкек мэриясы жеке бала бакчаларды көзөмөлгө алышы керек. Ал жакта баланы өлтүрө сабап салышы мүмкүн эле. Милицияга арыз жаздык. Жообун күтүп жатабыз” деп айтылат маалыматта.
Ал эми укук коргоо органдары бул маалымат тууралуу расмий билдирүү бере элек.