УКМК Алиярбек Абжалиевди үчүнчү ирет “кустурабы”?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев 2021-жылы качып жүрүп, ортомчулар аркылуу Кыргызстанга 27-июнда кайтып келип, түз эле УКМКнын сурагына алынганы белгилүү. Натыйжада, “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча 20 миллион сом мамлекетке төлөгөнү кабарланган. “Шибегени капка ката албайсың” деп бекер жерден айтылбаса керек.
2022-жылдын 10-февралында Алиярбек Абжалиев 2 миллион доллар өлчөмүндөгү алдамчылыкка айыпталып, камакка алынган эле. Тергөөнүн жүрүшү менен анын кылмышы аныкталып, 1,2 миллион доллардан ашык каражатты төлөп, бир айдан соң эркиндикке чыгып кеткени маалымдалган. Ошентип, ал эки ирет тең акчанын күчүнө салып, айыптоодон оңой кутулганын кылмыш саясатын иликтеген эксперттер айтышууда.
Натыйжада, Алиярбек Абжалиевдин базары (Кудайберген жактагы), жерлери, имараттары, батирлери сакталып калдыбы? Убагында Сокенин кудасы боло калып, үч жылдын ичинде олигархка айланганы жалганбы? Кийин айыбы ачыла баштаганда байлыгын аялына жаздыра коюп, жасалма түрдө, убактылуу ажырашууга барганы кандай? Азыр чогуу эле жашап жүрүшөт го? Айтор, экс-депутатка карата ыңгайсыз суроолор арбын. Күч органдарындагы айрым кыраакы кызматкерлер Алиярбек Абжалиевдин “Мыйзамсыз баюу”, “Коррупция” боюнча жеңил кутулуп кеткенин каңкуулашууда. Демек, УКМК үчүнчү ирет “кустурууга” барабы?..
"Азия Ньюс" гезити