Ширин Айматованын жолдошу алдамчылыкка шектелип кармалды


«Үмүт 2020» кыймылынын демилгечиси Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
УКМК тараткан маалыматка караганда, арыз менен кытайлык жаран М.М. кайрылып, Сыргак Кенжебаевге карата чара көрүүнү суранган. Ал шектүү алдамчылык жолу менен 350 миң доллар акчасын алып алганын айтат.
Кытайлык жаран «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабына катышуу максатында Кыргызстанга келгени аныкталды. Ал кытайлык ири компаниянын атынан катышмак. М.М. сынакка катышууга даярдык көрүп жүргөндө Сыргак Кенжебаев менен таанышып калат. Ал инвестордун ишенимине кирип, алдын ала көрүнбөгөн чыгашаларга байланыштуу шылтоо таап, акчасын алып алган.
Ал эми Ширин Айтматова "Твиттерге" жолдошу Алматы аэропортунан кармалып, Бишкекке алып келингенин жазып, "репрессия уланууда" деп билдирди.
Aryba.kg











