Кыргызстандын билим берүү саясаты кылдын учунда турат


Ошентип, кезектеги жаңы окуу жылы дагы өзүнүн укук-милдеттерин аткарып, күндөлүк жашообузга кирип келди. Бул жаңылык деле эмес, демейдеги эле жашообуздун ажырагыс этабы. Ата-энелер балдарын мектептерге, кесиптик, башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларына даярдашып, өздөрүнүн милдеттерин аткарууга жандалбас кылып аткан чактары. Бирок, эмне үчүн жыл сайын эле кетменди кайталап баса берип, анын сабы чекебизди томуйтуп-шишиткенден арылбай койдук?! Жыл сайын үч эле көйгөй уламдан-улам кайталана берип, анын залакасы коомдун көңүлүнө көк таштай тийип, мүңкүрөтө тажатып бүттү го! Алар: окуу китептеринин катастрофалык жетишсиздиги, мектеп формасы жана баланы окутуу үчүн ата-энелерден мыйзамсыз жыйналган акча көйгөйлөрү. 33 жылдан бери ушул эле – жалпы улуттук “үч кырсык”. Баарынан күйгүзгөнү бул көйгөйлөр жылдан-жылга кайталанып, "мектеп менен билим берүү министрлигинин биргелешкен мафиясы" менен эле байланыштуу! Башка себеп жок! Келе турган жерге келдик, бара турган жерге бардык.
Окуу китептерин басып чыгарууга бюджеттен жыл сайын оңбогондой акча каражаты бөлүнөт. Бирок, "китеп мафиясы" бул ыйык милдетти 33 жылдан бери эле каалагандай калчап, министрликтин, билим берүү академиясынын кээ бир жетекчиликтери жана жооптуу кызматкерлери кылмыштуу аракеттери менен жалпы улуттук көйгөйдү күчөтүп келишет. Эгерде бул багытта олуттуу тергөө иштери уюштурулса, дароо эле себептери ачык-айкын аныкталып чыга келет, мен буга ишенем. Убагында, 90-жылдары мектеп окуу китептерин Финляндияга чейин буюртма берип коррупцияны башташса, кийин, айрыкча 2010-жылдан бери кыргыз мектептеринин окуу китептери Индия, Италия жана Израилден басылып чыгып келди го, чиркин! Бул маселе убагында көтөрүлгөнү менен "кожо көрсүнгө" салышып, аны эмдигиче жашырып келишет. Быйыл президентибиз Садыр Жапаров мектеп окуу китептерин атамекендик басмаканалардан гана чыгаруу жөнүндө талаптарды катуу койду эле, аны аткара келгенде дагы деле "баягынын аягы, койчумандын таягы" болду да калды. Качанкыга чейин өлкө башчыларынын талаптарына "жылмаңдаган саботаж” уюштурула берет? Качан жан күйгүзүп иштейсиңер, эй төбөлдөр? Эгер ушундай мамилелер улана берсе, мектеп окуучулары менен студенттерибиз эч качан окуу китептерине жарыбай жүрүп өтүшөт.
Дагы бир көйгөй – бул окуу китептеринин авторлор мафиясы. Муну дагы күчөткөн жана колдогон жогоруда мен атаган эки инстанция. Окуу китептерин басуу "жапайы бизнеске" айланып кеткен. Ар бир жаңы келген "чоң" тааныш же өзүнө жакын авторлордун китептерин гана бастырат. Натыйжада, ошол тааныш авторлордун китептери аз санда гана басылып, бири-бирин кайталап, азабын окуучу менен студент гана тартып келет. Дагы толгон-токой үрөйдү учурган кылмыштар бар. Муну укук коргоо органдары тыптыйпыл кылып токтотпосо, курулай аракеттерди жумшап, "замбирек менен таранчыларды аткылап" жүрө беребиз.
Андан кийин мектеп формасы жөнүндө. Бул жерде министр өзү баш, мектеп директорлору төш болуп, бирдиктүү форманы талап кылымыш болуп эле туруп албастан, анын так жана тез аткарылышын колго алуу шарт. Бул жерде "жаман көрүнбөйүн, эмне болсо ошол болсун" деген эле мамиле уланууда. Мен муну “кылмыштуу саботаж” деп эсептейм. Ооба, оор жумуш. Бирок, аны аткаруу керек! Болбосо, иштей албаганыңарды моюнга алып, четке чыккыла. Ошондо гана "хиджап, жоолук", ж.б. көйгөйлөр токтойт! Анан “президент айтсынга” салып коюп отура берүү – бул кызматтык шалаакылык! Мектептерде ата-энелерден акча жыйноону президент өзү так кесе айтып, токтоткондой ишарат жасаган! Анан эмне болду? Дагы деле ата-энелер арызданып жатышат го? Бул көйгөйдү кан буугандай кылып токтотуп коюу мектеп админстрациясынын эле колунан келе турган иш да? Же жогору жактан колдоо таба коюшуп, кутуруп жүрүшөбү? Азыр Кыргызстандын билим берүү саясаты кылдын учунда турат. Жаркын келечегибизди ойлосок, баардык жумуштан мурда дал ушул системаны күч-кайрат менен оңдоо жолуна салышыбыз зарыл. Болбосо, дүйнөлүк тарыхтын бир бүктөмүндө калып кетүү коркунучу башыбызда турганын унутпайлы!
Каныбек Осмоналиев, профессор
"Азия Ньюс" гезити











