Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Молдоталип Шавралиев: “Мен киммин? Эли-жериме патриот же подлецмин!”

Молдоталип Шавралиев: “Мен киммин? Эли-жериме патриот же подлецмин!”

22-февраль, 12:11
1 315 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Молдоталип агабыз сексенге таяп калса да баскан-турганы өз курагындагылардан тың. Анын бирден бир себеби эле сергек жашоону туу тутуп, өзүнө кам көрөт экен. Жеке өзүнө эле эмес жүрөгү “кыргыз” деп соккон патриоттордун катарын толуктаган адам десем жаңылышпайм. 

-- Молдоталип ага, биогаз жана кичи ГЭС жабдыктарын орнотуу, күн нурунан электр энергия алуу ж.б. толуп жаткан жашоого керектелүүчү нерселер менен алек болот экенсиз. Мунун баары кайдан?

-- Ташкенттеги аскер окуу жайын аяктагандан кийин союзга караштуу республикаларда, анын ичинде толугу менен Кавказда жүрдүм. Армения, Азербайжан, Грузия, ошол эле Россиянын коён жатагына чейин болгом. Андан сырткары, Түркияда болдум. Мына ошол жерде ар бир үйдүн чатырында жайгашкан күн батареяларына кызыгып көрдүм. Ичине кирсең март-апрель айларында коон-дарбыз бышып атат. Калгандарын айтпай тек коёюн. Ошондо мен “эмне үчүн биздин кыргыздар ушуну билбейт? Эмнеге өздөштүрбөйт?” деген бир канча суроолорго баш катырдым. Бир топ жыл бушайман болдум. Өзгөчө өлкөбүз эгемен алгандан кийин электр энергиясынын жетишсиздиги, завод-фабрикалардын эпсиз талкаланышы, айыл чарбанын кыйрашы, ошону менен катар мамлекетибиздин экономикасынын төмөн түшүп кетиши ж.б. толуп жаткан көйгөйлөрдүн бири да чечилбей атканы мени кайдыгер калтырбады. Далай жолу кагылдым, согулдум. Далай жолу жогорку бийликтегилерге ошол эле кичи ГЭСтерди куруу, ар бир айылга биогаз жабдыктарын орнотуу, чоң масштабда күн энергия батареяларын колдонуп электр жарыгын алуу-сатуу жана күнөсканаларды куруу деген идеяларым суу кечпей калып атты. Ар бир жаңы бийлик келген сайын таманым тешилгиче чуркайм. Эч натыйжа чыкпайт.

-- Жогору жактагыларга идеяңызды эле айтасызбы же аны иш жүзүнө ашыруу жолдору, орнотуу жактарын да түшүндүрүп бересизби?

-- Биринчиден, идеяларымды толук кандуу түшүндүрөм. Алсак, биогаз жабдыгын орнотуу, анын кантип газ алып кайда колдонорун, андан чыккан органикалык жер семирткичтердин айыл чарба жагына пайдалуулугу жөнүндө айтып берем. Айтып берип эле тим калбай, биогаз жабдыктарын Россиянын кайсы жеринен алып келе турганын кошумчалайм. Ал эле эмес кичи ГЭСтерди да айтып берем. Ким каалагандар болсо орнотуп да берем. Керек болсо кайсы жерге кандай кубаттуулугу бар ГЭСтерди орнотсо болорун билем. 

-- Муну да Россиядан алдыртасызбы, ал жакта байланыштарыңыз барбы?

-- Ооба да. Бекеринен өмүрүмдүн жарымынан көбүн Россияда жүрүпмүнбү! Ушу күндөрү да байланышып турам. Команда берсем эле болду, алар мени “жолдош капитан!” дешет, иш алдыга кетет. 

-- Баскан-турганыңыз тың...

-- Эмдиги жылы сексенге толом. Ден соолугумду карайм. Күнүгө эртең менен жылаңайлак кар үстүндө чуркайм. Башымды ылдый каратып 3-4 мүнөт тик турам. Узун-туурасы жарым метр болгон тактайга пивонун тиштүү капкактары өйдө каратылган жерде жылаңайлак секирем. Анан эң негизгиси, өзүмдүн органикалык жер семирткичим менен семиртилген жеримдеги жашылча-жемиштер менен гана  тамактанам. Күмөндүү азык-түлүк продукцияларын албайм, ичпейм, жебейм. Мен өзүмдүн эли-жериме патриот же подлецмин! Ушундай эле айтам. Болсоң бол, болбосоң коё кал дегендей эле.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер