Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Прокуратура – күчтүү айымдардын тандоосу

Прокуратура – күчтүү айымдардын тандоосу

10-июнь, 23:34
387 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз прокуратурасынын тарыхы 100 жылды өзүнө камтып турат. Прокуратура органдарынын калыптануусунда аялзатынын ролу жана эмгеги зор. Кыргыз прокуратурасы мыйзамдуулуктун жана укуктук системанын калыптанышынын күзгүсү болсо, бул системанын айымдары адам укуктары менен эркиндиктерин коргоодо, акыйкат издеп кайрылган ар бир жаранга колдоо көрсөтүүдө, мыйзамдуулукту туу тутуп, кесипкөйлүгүн, адилеттүүлүктүн, принципиалдуулуктун чыныгы үлгүсү болууда. Негизи айымдар, жаӊы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүш жылдарында, көз карандысыз Кыргызстандын прокурору, башкы прокурордун орун басары, облустун прокурору кызматтарын аркалап келишкен. Тандаган кесип, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууда, кызматкер тарабынан чоӊ жоопкерчиликти талап кылуусун сезүү менен айым кызматкерлер мыйзам менен жүктөлгөн милдеттерин так жана кынтыксыз аткарып келишүүдө. Кызматтык милдеттерин аткарууда татыктуу деӊгээлде мамлекеттик айыптоону колдоп, өзгөчө көӊүлдү талап кылган аярлуу катмардагы жарандардын, балдардын укуктарын коргоп, мырзалар менен бир калыпта жаза аткаруу тутумдарында эмгектенип келишүүдө. Мындан улам, прокуратура – күчтүү айымдардын тандоосу экендигин далилдөөдө.

Ошол эле учурда айымдар күнүмдүк жашоодо үй-бүлөнүн куту, балдардын энеси, апасы, ажарлуу асыл заттын катарында да орун алышууда.        

Белгилей кетсек, прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 2024-жылдын март айында «Прокуратура органдарындагы аялдардын ролу» аттуу форум өткөрүлүп, «Аял прокурорлор ассоциациясы» түзүлгөн.                                                             

Г.Алымкулова Бишкек шаарынын прокуратурасындагы бөлүмдүн прокурору 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер