Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айт намазды мечиттерде окутуп, Камчыбек Ташиев элдин коопсуздугун ойлоду

Айт намазды мечиттерде окутуп, Камчыбек Ташиев элдин коопсуздугун ойлоду

20-апрель, 07:27
441 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Буга чейин радикал динчилдер маал-маалы менен кармалып келишкен. Күч органдары экстремисттик уюмдарды тындым кыла алышпай, шаалары жетпегени ырас. Илингендери камалууда. Ал эми дүйнөлүк коомчулукта коркунучтар жаралып, терракт, ири кол салуулар байма-бай катталып, кыргындар орун алууда. Соңку эле окуяны алалы, “Крокус Ситиде” жүздөгөн бейкүнөө жарандарды диний радикалдар кырып салышты. Кубаттуу Россияда ушундай көрүнүш болуп аткандан кийин, Кыргызстандагы коопсуздукту айтпай эле коёлу. Чын эле бизде абал кандай? Балким коркунучтар жаралгандыр. Жөн жерден Айт намазды борбордук аянтта эмес, мечиттерде окутуу чечими чыкпагандыр да. Бул жагынан Камчыбек Ташиев элдин тынчтыгын ойлоп, кескин түрдө туура чечим кабыл алды. Күч түзүмдөрүн башкарып турган жетекчиде кооптуу маалыматтар болсо керек. Ошон үчүн туруктуулуктун сакталышына алдын ала кам көргөнү алкоого арзыйт. Мына ушундай масштабдуу, светтик көз караштагы, жалпы элдин маанайына жараша кадамдарды жасап турса, албетте, Камчыбек Кыдыршаевичтин мамлекетчил позициясы колдоого арзыйт. Туурабы, туугандар?
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер