Акыркы кабарлар
» Коом » Нуржан Шайлдабековага баа берилип, жоопкерчилиги каралышы зарыл
Нуржан Шайлдабековага баа берилип, жоопкерчилиги каралышы зарыл
15-октябрь, 16:58
2 279 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын ишине баа берүү, жоопкерчилигин кароо керек. Эсиңерде болсо, шайлоо үгүтү башталбай жатып, ал ишиндеги кемчиликтерин ачыктап, алдын ала элдин нааразычылыгын жараткан. Август айынын аягында партиялардын тарапташтары дүргүп чыга башташкан эле. Айтор, аламан жарышты өткөрүүдө профессионалдуулугун көрсөтө албады. БШК курамында да кадыр-баркын байкай албадык. Аягында баарыбыз күбө болуп атабыз. Эл көтөрүлүп, шайлоо жараксыз катары таанылды, бүт дүйнөгө уят болдук. Акүй талкаланды, өлүмдөр, майыптар болгону көпчүлүктүн зээнин кейитти. Ишкерлер жабыркады, кыскасы, өлкөдөгү саясый абал кыйындап, оор шартка кептелдик!
"Азия Ньюс" гезити