Көл жээгиндеги кармаш


(Улуу талант С.Каралаевдин элесине сүртүмдөр)
Улуу манасчы С.Каралаев менен эл акыны А.Токомбаев көл жээгинде күч сынашууда. Буга кыргыз өнөр адамдарынын бир тобу күбө болушкан. 1958-жыл.
Көл жээги. Айлана тынч, аба салкын
Келгендер күнгө күйүп, куму да алтын.
Кызып сөз, ар кимиси оюн айтып
Кыйлага талкуулашты баба салтын.
Андайда кайран Сакең канат жайып
“Манастан” айтса жүзү калбаат тартып.
Кайраттуу сөз козголуп карыядан
Кош колдоп найза сунуп, жоону сайып.
Балка акын баян угуп, мурут жанып
(Жантөшев көзүн ымдай жандай салып.)
А Сакем айткан дешет эргүү менен,
Кашкарга кайындашын сапар барып.
Кашкардын базарынан аял алып,
(Уккандар кыйрап күлүп жатып алып)
Сакемдин “Манасы” тең, адаты тең
Айтканда аял жайын күйүп-жанып.
Батманов санын чаап ыкшып атат
(А Балка токтоно албай какап-чакап.)
Саякбай салып уруп жалдан бурдап,
Имерип жоошутууда тамга такап.
Күлкүдөн жаак талып, кубат качат
(Кайра эле кайран Сакең күлкү чачат)
Кыймылы, айткан сөзү төп келишип
Карыя кепке кызып дабан ашат.
Түш ооп Сакем сөзү тамам болду
Баарысы карай берди оңду-солду.
Батманов жөн турбастан Сакем коштоп
Күрөшкө түшчүлөрдү санай келди.
Бир сыйра көз жүгүртүп издеди окшойт
(Ылайык адам таппай кимге токтойт?)
Бир балбан эр Кошойдой болуп Сакең
А бири чыкпайт неге, кимден коркот?
Батманов Аалы акынга жакын барды:
“Кандайсың, балбандыкка чаркың барбы?”
“Жок” дешке ички намыс жол бербестен
Аалыкең көптө барып топту жарды.
Кармашты эки кыраан торой чалып
(Жардашты турган жандар жакын барып.)
Аалы акын жаш эмеспи, чапчаң тартса,
Саякбай силке кармап, белден алып.
Тоорушту эки берен чай кайнамча
Карышкан колдор жанбай эс алганча.
Моюндан толгой чалып алп манасчы
Балканы басып калды чоң балбанча.
Чуулдап турган жандар сүрөп калды
(А Сакем моюн бурап кармап аны)
Карт бүркүт карышкырды капшыргандай
Куйруктан мыкчыганда калбай алы.
Түйүлүп, тыбырчылап бошонууга
Тырышса кайдан арга болот буга?
Алдында жатса дагы айбат кылып
Бекерге белен күчтү коротууда.
Бул күрөш баргандарга болду эрмек
Эки “дөө” күч сынашты кыйла тердеп.
Сакеңин алп кайратын аңдамакка
Аалы акын кара күчкө чыдап бермек.
Ѳзүмчө мен ушундай ойго келем:
Саякбай ары балбан, ойго терең.
Сабалап алп “Манастан” төгүп айтса,
Тең келбес болгон күчүң, жоктур ченем.
Билбейбиз ким жеңилип, ким жеңгенин
Бул – сүрөт, болжоо гана ирмемдерин.
Болсо эгер ошол таймаш көл жээгинде
Болгондур, дагы айтышаар билгендерин...
Кылымда бир жаралчу алпдар экен
Бири шер, бири чексиз күч бул десем.
Ала Тоо албан талант бергени үчүн
Ааламга аты дайын биздин Мекен!
Ысык Көл эки “дөөнү” сынап карайт
Бул күрөш ошол замат элге тарайт.
Балбандар бар күчтөрүн элге арнады
Калың эл кайрандарды дайым самайт.
...Миң тогуз жүз элүү сегиз жылында
Болгон дешет ушул күрөш чынында.
Ааламында өнөр таймаш уланып
Жеткени чын биздин соңку кылымга.
Саякбайды канча жолу сынады
(Тамашакөй, бала кыял бу дагы.)
Айкөл өзү тирилгендей түр менен
Айтса “Манас” канбай турду кулагы.
Ошол күрөш бул Сакемен бир элес
“Манас” өзү алп чокудай тирүү элес.
“Илиада”, “Одиссейлер” “Манастын”
Илебине чындап келсе тең эмес.
“Гомер” атап Саякбайды канча жыл
Сансыз кылым басынтыппыз, байкадым.
Саякбайдын сансыз өнөр чабытын
Чактап көрсөм Гомерлердин айтканын.
Бүркүт болуп айланууда асманда
Кайран Сакем “Манас” айтып атканда.
Шукшурулуп канат жыйып сайылса
Кайда качат Гомерлериң шашканда.
Көзүн жаштап, ормоң карап, комдонуу...
Колу асманда, көзү жерде, толгонуу...
Элдин муңу, жердин түрү түйшөлтүп
Боло келчү капсалаңдан коргонуу....
...Ошондогу бул сүрөттүн тарыхын
Ойлоп улам өзүм байкап аныгын.
Алптар анда күч сынашса күрөшүп
Жаштар азыр улантууда калыбын.
Бакыт Баймырзаев, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти











