Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев: “Эт жейт элек, эт качан бересиңер?” дегендер да чыгууда”

Балбак Түлөбаев: “Эт жейт элек, эт качан бересиңер?” дегендер да чыгууда”

28-апрель, 14:11
689 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

28-апрель, саат 9:00гө карата Бишкек шаары боюнча 74 миӊ үй-бүлө азык-түлүк жардамын алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жардам мамлекет жана жергиликтүү ишкерлер тарабынан көрсөтүлгөн.

Балбак Түлөбаев билдиргендей, жардам таратууда сүйүнтө турган, ошол эле учурда күйүнтө турган иштер болууда.

--Сүйүнтө турганы -- өкмөттүн 6 миң кап унунан, 300-400 кап ун кайра келди. Себеби, өкмөт менен мэриянын социалдык учетто турган жарандарына берилиш керек. Анын ичинде Афган согушунун, Чернобыль окуясынын катышуучулары да болушу мүмкүн. Ошондой эле 7-апрелчилер да болушу мүмкүн. Бирок алардын ичинде да жакшы жашагандары да бар. Ошого алар муктаждарга бергиле деп кайтарып жатышат- деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал, жардам алуу үчүн баардык жактарга чалып, 3-4 жерден жардамды алып, тилекке каршы, келген жардамдарды «камокторго» өткөрүп, ага арак алып ичип жаткандар да болгонун кошумчалады.

--Мындай да анализ кылсак болот. Бизден шаардын тургундары эт сурай башташты. «Эт качан бересиңер, эт жейт элек» деп. Пияз, сабиз алып келгиле, бул жардамыңарга тойдук дегендер да болуп жатат- деди Түлөбаев

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер