Элдар Шабданов, туризм боюнча эксперт: “Быйыл туризм боюнча жогорку чекке жетүү ишеничи бар”
-- Буюрса жай айынын босогосун да аттап жатабыз. Бул жылы өлкөбүздөгү туризм жаатында кандай жагымдуу жаңылыктар болууда?
-- Быйылкы эң эле чоң жаңылыгыбыз – түз аба каттамдарынын ачылышы. Жакында, июнь айында Абу-Дабиден рейс башталат. Бул рейс регулярдуу болот. Мурда туристтер Москва, Стамбул аркылуу гана учактар менен келип атышса, кийин Россия менен Украинанын ортосунда согуш башталгандан бери Москва аркылуу эл аралык каттамдар жүрбөй калган. Бизге келе турчу жалгыз гана хаб Стамбул болуп калган. Эми ошол Стамбулга жаңы атаандаш пайда болду. Мындан ары Кыргызстанга, Бишкекке болгон аба каттамдары айрым туристтер үчүн ыңгайлуу жана арзаныраак болот дегенди билдирет. Экинчиси, Түштүк Кореядан дагы түз аба каттамдары жүргөнү калды. 11-июнда биринчи рейс каттайт. Ал дагы жумасына бир жолу учат. Бул дагы Түштүк Кореядан туристтер, бизнесмендер көп келерин билдирет эмеспи. Үчүнчүдөн, виза тууралуу кеп кыла турган болсок, Кытай менен да виза жеңилдиги каралууда. Демек, Кытайдан да туристтердин келиши күтүлөт.
Кийинки жаңылык – туризм өнүктүрүү фонду менен биргеликте Кыргызстан көптөгөн көргөзмөлөргө катышты (жыл башынан бери 11 көргөзмө). Бул дагы көптөгөн туристтерди чакырат деген ишеничти жаратат. Өзүнөн өзү мыйзам ченемдүү болуп, туристтер “кыдырабыз, башка өлкөлөргө барабыз” деген пикирлерин ишке ашырып, туризм жогорку чекке чыкканы турат. Акыркы жолу 2018-2019-жылдары жогорку чекке жеткен. Быйыл дагы ошол баскычка жетүү максаты бар. Аэропорттор ачылып, Жалал-Абадда, Караколдо курулуш иштери жүрүп жатат. Буюрса ички каттамдар дагы көбөйүп, туристтердин агымы жогорулайт деген ишеничтемин.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити