Каныбек Осмоналиев: “Мектепке футболка кийип келген мугалимдерди көрүп жүрөм”


Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы менен маек.
-- Агай, бир кездерде мектеп окуучуларына жапырт униформа киргизүү боюнча демилге көтөрүлүп, жакшы эле аракеттер башталы эле, бирок акыркы кезде ал иш кайра токтоп калгандай. Буга эмне себеп?
-- Билим берүү системасында бир башкы принцип бар: бардык окуучулар тең укуктуу болууга тийиш. Тең укуктуулук деген кандай? Жүргөн-турганынын баары бирдей, унификацияланган окуу программасына баш ийип, тарбиянын бирдей мыйзамы, алтургай балдардын кийген кийими да бирдей болушу керек. Бир бала экинчи баланы өзүнүн социалдык абалы жакшыраак экендиги менен басмырлабоосу зарыл. Эгер андай боло турган болсо, балдар арасында табигий түрдө “бул байдын, бул кедейдин баласы” деген бөлүнүү башталат. Бул жөн гана популизм эмес, терең ойлонулган, илимий жактан изилдеген, психологиялык жагын карагандан улам келип чыккан принциптер. Тилекке каршы, биз эгемендик алгандан кийин ошол негизги принципти бузуп койдук. Салтты катуу кармаган өнүккөн өлкөлөр мындан эч тайыган жок. Мисалы, Японияда императордун баласы менен жөнөкөй жумушчунун баласы бирдей эле форма кийип, бир мектепке барышат. Атүгүл мектепте иштеген мугалимдердин да өзүнчө униформасы бар. Костюм-шым кийип, галстук тагынышат. Биз да ошого умтулушубуз керек. Азыр карап көрүңүздөр, кээ бирөө хиджаб оронуп жүрөт. Мен атүгүл мектепке футболка кийип келген мугалимдерди көрүп жүрөм. Өзүбүздүн эле улуттук университеттин физфагында бир азамат футболка кийип келиптир. Мен аксакал катары эскертүү берип, элдин көзүнчө катуу уяткарып койгом. Чеховдун сөзүн эске салып, мугалим турган-турпаты, кийген кийими менен да үлгү болууга тийиш экенин айттым. Бул мектепте айныгыс мыйзам катары кабыл алынышы зарыл. Мектепте тең укуктуулук болгондо гана бала жаратылыш берген өзүнүн жөндөмдүүлүгүн ачып көрсөтө алат.
Бир жолу Англияга барганда атайын мектептерди кыдырдым. Лондондун мэри таңгалып атпайбы, “сиздерде жеке менчик мектептер көп экен. Биз менчик мектептерди жаап жатабыз, графстволордо эле калбаса, Лондондун өзүндө бир да жеке менчик мектеп калган жок. Себеби, балдар өлкөнүн салты менен чоңоюшу керек. Андай тарбияны жеке менчик мектеп бере албайт, аны муниципалдык мектеп гана берет. Анткени, мамлекеттик программа, мамлекеттик стандарт болот” дейт.Туура да. Советттер союзу так ушундай кылган.
-- Ар бир жаңы министр өзүнүн көз карашы менен келет эмеспи. Министрлердин улам-улам алмашканы да ушуга себеп болуп жаткан жокпу?
-- Эң башкы себептердин бири ошол. Бир гана министр эмес, ЖОЖдордун, мектептердин директорлорунун тез алмашканы. Казакстан, Россия, Өзбекстан сыяктуу кошуна өлкөлөрдү карасак, министрлер кеминде 3-5 жыл иштешет. Министрликтин өзгөчө функциясы бар. Ал илим тармагына башчы гана болбостон, өкмөттүн да мүчөсү. Ал өзүнүн тармагына каражат тартып, мыйзамдарды өткөрүшү керек. Ошону эми гана баштаганда алмашып кетип атпайбы. Ошондуктан, мен мындай практикага кескин каршымын. Министр деген системдүү түрдө иштеши керек.
Бирок, маселенин экинчи жагы да бар. Бир киши бир мектепте 25 жыл директор болуп иштегени да туура эмес.










