Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баратбай Аракеев ичип алса атаман эле...

Баратбай Аракеев ичип алса атаман эле...

14-апрель, 19:30
4 372 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

11-апрель күнү улуттук китепканада КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, мыкты журналист, публицист, жазуучу Баратбай Аракеев эскерилди. Ал бир жыл мурун 72 жаш курагында жалган дүйнө менен кош айтышкан. 

Эскерүү кечеге мен да бардым. Баратбай ага менен “Агым” гезитинде бирге иштедик. Жакындан таанышкыча редакциядагылар “Бакем опасный адам, нака бандит, ичип алса алдынан чыкпай эле койгонуң оң. Жини чукул, абайла. Жакпай калсаң чоң муштумдугун көрсөтүп, тумшук талаштыра күтүүсүз уруп ийет, оңбой каласың” деп коркутушкан. Раматылык Жолдошбек Зарлыкбеков экөөбүз бир кабинетте маңдай-тескей отурганбыз. Келди. Ичинде бир аз бар экен. Жетпей аткан окшойт. Учурашкандан кийин “барбы?” деди, анда Жокем столунан жарым бөтөлкөнү алып чыкты. Закускесине 3-4 тоголок курутту столдун үстүнө койду. Эки кружкага тең бөлүп, алып ийишип, куруттан кемирип ооздоруна салышты. Бакем мени бир карап, “сени менен эртең сүйлөшөм!” деп өктөм айтты да чыгып кетти. 

Бул окуя мындан 18 жыл мурун болгон. Кечээ көз алдыма келди... Ошол эле жылы раматылык Мелис Эшимканов редакцияны жайкы эс алууга чыгарды. Ысык-Көлдүн бир пансионатына эки жума эс алмай болдук. Баратбай акем экөөбүз бир бөлмөгө жайгаштык. Ага чейин укмуштуудай тил табышкан ага-ини болуп калганбыз. Үч күндөн кийин мага “бирдеме илдиңби?” деди. Мен “Казакстандан эже-сиңди келиптир, бизге ылайыктуу экен. Сиңдиси Кызжибектен кем эмес, а эжеси колобок. Ийинден кийин моюн жок, баш кетет. Ылдый жагы 90Х90Х90. Кум жээгинде отурса, көл көрүнбөйт” дедим (тамашалап). Бир азга ойлонуп, “Мага колобок эжеси жагып атат. Кызжибек өзүңө буюрсун!” деди. 

Мына ушул жагдайды кечээ эскерүүгө келгендерге төкпөй-чачпай айтып бердим. Айтып бүтөрүм менен кеченин алып баруучусу, филология илимдеринин доктору, Бакем менен илгертен ынак, санаалаш болуп жүргөн Келдибек Койлубаев чочуп кетип, “буга чейин бажасы бар экенин билбептирмин, жалгыз бажасы сиз турбайсызбы?” деп тамашалап өттү. Чынын айтайын, Баратбай акеге арналган эскерүү кече жогорку деңгээлде өттү. Аны башынан аягына чейин уюштурган, чогуу иштешкен кесиптештери, шакирт-журналисттери Жумагүл Барктабасова, Алмаз Темирбек уулу, Тилек Рыскулов, Айбек Шамшыкеев, Каныбек Сапаров, Мирлан Алымбаев, Эрнис Балбаковдорго алкыш демекчимин! 

Бир арманым ичте калды. Баратбай акеге топурак салалбай калдым. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко, ыйманы саламат болсун!


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер