Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Сыдыков: “Бүгүнкү мыйзамдардын аткарылбаганы эң чоң маселе”

Аскар Сыдыков: “Бүгүнкү мыйзамдардын аткарылбаганы эң чоң маселе”

13-март, 09:00
486 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору менен маек.

-- Мамлекеттин бүгүнкү ишкерлерге болгон мамилеси канааттандырабы?

-- Ишкерлерге мамлекет тарабынан камкордук боюнча кеп козгосок, эң чоң маселе. Бир жагынан мамлекет тарабынан жаңы каржылоо программалар ачылып, жаңы долбоорлор ишке ашырылууда. Ошондой жаңы кепилдик фонду иштеп жатат. Кыргыз-Өзбек, Кыргыз-Венгер фондулары ачылды. Башка жагынан караганда, акча жүгүртүүсү 8 миллионго жетпеген ишкерлер таптакыр салыктан бошотулду. Бул дагы жакшы колдоо. Кыскасы, мамлекет тарабынан ар кандай колдоолор болууда. “Колдоо жок” деп айта албайбыз. Ошол эле кезде кемчиликтер да арбын. Бюрократия, коррупция, дагы деле каржылоо булактарынын жетишсиздиги, инфраструктура, электр энергия, жолдор ж.б.  дүйнөдө болуп жаткан акыбал, валюталык тобокелчиликтер, мына ушулардан улам болгон жоготуулар ишкерлерди кыйноодо. Андан сырткары, келечекке болгон тобокелчиликтер, кээ бир мыйзамдардын туруксуздугу, тийиштүү талкуусуз токтомдордун кабыл алынышы жана ошондой эле мыйзамдардын аткарылбаганы эң чоң маселе. Көп учурда мыйзамда жакшы нерселер жазылса дагы, иш жүзүндө аткарылбай келет. Ушул кемчиликтердин үстүнөн көбүрөөк иштөө зарыл. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер