Медербек Саидов, активист: “Каныбек Иманалиев билим берүү реформасын жасайт”

-- Каныбек Иманалиевдин билим берүү министри болуп шайланганы тууралуу түрдүү талкуулар айтылууда. Туура шайландыбы, кандай ойдосуң?
-- Каныбек Капашович жөнүндө менде эч кандай деле жаман ой жок, ал кишини мен публицист, акын, жазуучу, коомдук ишмер катары гана таанып калдым. Акыркы жолу кыргыздын каада-салтын жана наркын, идеологиясын коомчулукка жарыя кылып жүргөнүн билем. Андан тышкары, күчтүү оратор саясатчы да. Бирок чоң кызматта өзүн кандай алып жүрө турганын жана менеджерлик тажрыйбасы барбы-жокпу, ал жөнүндө алдыда жасай турган иштерине көз сала туралы. Каныбек Капашович билим берүү тармагын реформалоого сөзсүз аракетин жасаш керек. Мисалы, орто жана жогорку билим берүү системасын фундаменталдуу түрдө өзгөртүү шарт. Биринчиден, мугалимдердин квалификациясын туура багытта жогорулатуу зарыл. Ал үчүн өлкө боюнча даярдануу борборун ишке ашыралы: “эгер сен англис тили сынагын тапшырсаң, же компьютерди колдонууну билсең, алган айлыгыңа дагы 5000 сом өлчөмдөгү акча кошулат. Андан ары жогорку тепкичке көтөрүлсөң 5000 сом кошулат” дегендей стимул берүү керек. Ошондо мугалимдердин ортосунда атаандаштык пайда болот. Мугалимдер акыркы 5 жыл ичинде жогорку айтылган сынактарды тапшырбаса, жумуштан кетүү арызын жазышы абзел. Бирок башкалардын арасында басынтуу болбош үчүн мугалимдер тапшырган сынактардын баары жашыруун болууга тийиш. Андан сырткары, айлык акыларын жөн гана өлкө жагдайына карап көтөрбөй, ийгиликтүү тапшырган сынактарынын жыйынтыгы боюнча көтөрүү керек деп эсептейм. Менин жеке оюмча, мугалимге окутуу стимулун берүү үчүн айлыктарын 40 миң сомдон кем кылбай, андан тышкары, окуучуларды ар кандай сынактарга мыкты даярдаганы үчүн дагы үстөк акы алууга тийиш болушу керек да. Каныбек Капашович ушул жылы күзгө чейин ваучердик системасын пилоттук долбоор катары бир канча мектептерге эч кандай коркпостон киргизип койгону оң. Биринчи реформа жүргүзүү кадамы сөзсүз түрдө аткарылышы зарыл.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити