Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Умбриэль Темиралиев: “Инвестиция үчүн артыкчылыктуу секторлор – туризм, курулуш жана IT тармагы болуп эсептелет”

Умбриэль Темиралиев: “Инвестиция үчүн артыкчылыктуу секторлор – туризм, курулуш жана IT тармагы болуп эсептелет”

12-декабрь, 09:00
391 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР президентине караштуу улуттук инвестициялык агенттиктин директору менен маек.

-- Республиканын инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча бүгүн сиздердин агенттик эмне кылууда?

-- Азыр биз инвестициялык кодексти түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Ал аныктоочу ченемдик документ болуп калат, башкача айтканда, мамлекеттик органдар менен инвесторлордун ортосунда кандайдыр бир талаш-тартыш маселелер жаралган учурда инвестициялардын коопсуздугун кепилдеген негизги мыйзамдык акт болуп калышы мүмкүн. Ошондой эле инвестициялык келишимдерде салыктар, бажы жагынан жол-жоболоштуруу жана башка кепилдиктер боюнча каралган жеңилдиктер инвесторлордо түбөлүккө кала берет. Мындан тышкары, кодекске көптөгөн башка коргоо механизмдери киргизилет, анын ичинде тике инвестициялык келишимдер боюнча текшерүүчү органдардын текшерүүсүнө мораторий киргизилет.

-- Инвестиция боюнча Кыргызстан үчүн кайсы секторлорго  артыкчылыктар бар?

-- Менин оюмча, Кыргызстан үчүн эң приоритеттүү тармак – адам капиталы. Адамдарга инвестиция салуу менен гана биз узак мөөнөттүү, келечекте атаандаштыкка жөндөмдүү экономикага ээ боло алабыз. Эгерде ишкерлерди салыштыра турган болсок, Кыргызстан менен Казакстанды айталы, балким, казак ишкерлери мунайдан түшкөн кирешеге көнүп, биздикине караганда ыңгайлуу шарттарда жашап жаткандыр. Демек, бизнес чөйрөсүндө атаандаштык анчалык өнүккөн эмес. Ошол эле учурда биздин ишкерлер бир гана өзүнө жана өз күчүнө таянууга көнүп, күн өткөн сайын өнөрүн өркүндөтүүгө аргасыз. Катаал атаандаштык жаңы нерселерди үйрөнүүгө үндөйт, тобокелчиликке барууга шарт түзөт, ошондой эле башкаларга караганда эрте туруп, кеч уктайт.

Атап айтканда, инвестиция үчүн артыкчылыктуу секторлор – туризм, курулуш сектору, IT, тамак-аш, кайра иштетүү, ошондой эле суу-энергетика комплекси.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер