Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргыз элчилиги мигранттарды этият болууга чакырды
Кыргыз элчилиги мигранттарды этият болууга чакырды
21-сентябрь, 19:07

Россиянын Мамлекеттик думасы кабыл алган мыйзамдарга байланыштуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги ал жактагы кыргыз жарандарына кайрылуу таратты.
Элчилик Россияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге жана куралдуу кагылышууларга катышса, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык согуштук аракеттерге катышкандардын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камала турганын эске салды.
Эгер Россиядагы кыргыз жарандарына согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, дароо элчиликке кайрылуу керектигин сунуштады.