Марлен Маматалиев: “Мугалимдерге жана окуучуларга интернетти бекер кылалы”
ЖК депутаты Марлен Маматалиев социалдык баракчасы аркылуу өз сунуштарын жолдоду.
Коменданттык саат убактысын 20:00дөн 18:00гө жылдырууну...
ХХХ
Жарандардын азык-түлүк алуу үчүн базарларга, соода түйүндөрүнө, дүкөндөргө барганда дагы деле көпчүлүк чогулганын жана маскасыз жүргөндөрүн көрүүдөбүз, кол каптарды айтпаганда дагы. Азык-түлүк алып жатканда кардарлар аларды кол капсыз кармалап көрүп тандап алышат, бул илдеттин азык-түлүк аркылуу таралышынын бир жолу. Ошого байланыштуу жарандар көп чогулган жерлерде аларды чектеп киргизүүнү, аралыгындагы дистанцияны сактоону, сөзсүз түрдө сатып алуучулардын маска жана кол кап кийүүсүн көзөмөлгө алуу керектигин...
ХХХ
Калктын аярлуу катмарларына ыктыярчылар тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамдарды баарына тең жетишин көзөмөлдөө үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өз карамагына алуусун милдеттендирели. Анткени эч ким муну көзөмөлдөбөйт. Мен жардам берип жаткан адамга мага чейин дагы жардам берилгенине өзүм күбө болдум. Башка жардамга муктаж пенсионерге болсо мага чейин эч ким жардам бербептир. Ошондуктан баардык жардамга муктаж адамдарды толук камтыш үчүн жардам берүү процесси дагы көзөмөлгө алынышы керек. Андан сырткары, алыстан жардам көрсөтүүнү уюштуруу керек – көптөгөн адамдардын үйүнөн чыкпай жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү жана каалоосу бар.
ХХХ
Онлайн окууну камсыз кылуу максатында мугалимдерге жана окуучуларга интернетти бекер кылууну сунуштайм.