Акыркы кабарлар
» Коом » Эмнеге айрымдар колунда барга шүгүр кылышпайт?
Эмнеге айрымдар колунда барга шүгүр кылышпайт?
07-июнь, 17:30


Психолог Михаил Лабковский эмгектенип, табышкер болууга умтулган адамдар менен эч нерсеге умтулбаган адамдардын айырмачылыгын айтты.
“Бирөөлөр эл көрүп, жер көрүп, саякаттагысы, бай-бакубат өмүр сүргүлөрү келет. Ал эми башкалар бош убактысынын баарын сыналгынын алдында өткөрүп, ашыкча эмгек кылуудан эринишет. Мунун себеби коркунучта экен. Себеби, экинчилери чыныгы өмүр сүрүүдөн, көп акча табуудан коркушат. Ойдо жокто колуна көп акча түшсө, ага кымбат кийим сатып алууну да билбейт. Көптөгөн адамдар өз пикирин айткандан коркушат, ашыкча кыймыл-аракет кылгылары келбейт. Эң башкысы, ушул коркунуч алардын жандүйнөсүн ээлеп алып, алдыга койгон жолдоруна бөгөт коёт” дейт психолог.










