Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таабалды Тиллаев: “Түндүк-түштүк жолу 2024-жылы бүтүүгө тийиш”

Таабалды Тиллаев: “Түндүк-түштүк жолу 2024-жылы бүтүүгө тийиш”

04-июнь, 12:00
585 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары менен маек.

-- Таабалды Гапырович, түндүк-түштүк альтернативалык жолу качан бүтчүдөй?

-- 2024-жылы бүтүүгө тийиш. Узундугу 433 чакырымга созулчу жолдун  курулушу үч фазага бөлүнгөн. Анын 100 чакырымы толук бүткөрүлүп, колдонулууда. Бүгүнкү күндө эң негизги маселе – бул тоннель. Азыр аны аягына чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Биздин подрядчиктер тарабынан бир топ пландар коюлган, алар жылдын аягына чейин аткарылат.

-- “Жолдун курулушу графиктен артта калууда” деген маалымат канчалык чындык?

-- Андай маселе жок. Кудай буюрса, 2024-жылдын аягына чейин бүтүрөбүз. Туура, техникалык мүмкүнчүлүктөр болбогонунан улам, тоннелди тешүү боюнча бир аз артта калуу бар.

-- Жолдун сапаты боюнча да маселе бар окшойт. Жол табигый шарттарды эске албай, дайыма көчкү түшө турган жерлерге салынган деген да пикирлер айтылууда.

-- Албетте, жаңы курулуш болуп жаткандан кийин куруу процессинде айрым көйгөйлөр пайда болушу ыктымал. Таш кулап, көчкү жүргөн участоктор бар. Бирок, биз ал жерлерде дагы коопсуздук жагын камсыздоого далалат жасап жатабыз. Кичи тоннелдерди, асма көпүрөлөрдү салуу жагы да каралууда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер